Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 13-ноябры № 617
Ак ниет эмгеги үчүн жана Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө карата, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышсын: | ||
Донбаева Гулайым Чыныбековна | - | "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык бак ИИИ" мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу; |
Койчуманова Чолпон Урушбековна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын эл аралык жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн начальниги. |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйланышсын: | ||
Абдрахматов Канатбек Ермекович | - | "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту" мекемесинин директору; |
Акматалиева Айнура Майрамбековна | - | Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Жогорку кесиптик билим мамлекеттик билим берүү мекемесинин окутуучусу; |
Сартбаева Асель | - | профессор, окумуштуу, илимий ишмер; |
Сарыбаев Акпай Шогаибович | - | "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору" мекемесинин директору. |
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын: | ||
Арзыбаев Алмазбек Момуновичке | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Инженердик жана компьютердик графика" кафедрасынын башчысы; |
Токтосунова Батма Бадировнага | - | Академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо кен иши жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетинин "Табигый илимдер" кафедрасынын башчысы; |
Чортонбаев Тыргоот Джумадиевичке | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин илимий иштер боюнча проректору. |
Премьер-министр | С.Н.Жапаров |