Редакцияот 25.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2020-жылдын 25-ноябры № 632

Ак ниет эмгеги жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкеринин күнүнө карата, ошондой эле коронавирус инфекциясына (COVID-19) каршы күрөшүүдө гранттарды жана техникалык жардамдарды тартуу боюнча иши үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:

Турганбаев Толон Самудиновичке

-

Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Элчилигинин кеңешчиси;

Мусуралиева Анара Камчибековнага

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Валюта-финансы департаментинин директору;

Исаков Ринат Майрамбековичке

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Жамшитова Айпери Жаныбаевнага

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо бөлүмүнүн биринчи катчысы;

Кыштобаев Эрмек Карыбаевичке

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Биринчи саясий департаментинин Россия Федерациясы бөлүмүнүн биринчи катчысы;

Абдылдаев Акылбек Талайбековичке

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык укук департаментинин көп тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн экинчи катчысы;

Шатманова Асель Шатмановнага

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн кадрдык иштер секторунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин камсыз кылуу боюнча тобунун жетектөөчү адиси.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

 

А.Новиков