Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 25-ноябры № 383-б
Региондорду туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана Бишкек-Ош автомобиль жолунун өткөрүү мүмкүндүгүн жогорулатуу максатында, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги "Бишкек-Ош автомобиль жолунун 660-километрин (Т түрүндөгү кесилишинен) Ош - Кара-Суу автомобиль жолуна кошуу" долбоору боюнча автомобиль жолун (мындан ары - автомобиль жолу) долбоорлоо жана куруу боюнча заказчы болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги белгиленген тартипте автомобиль жолун курууга техникалык-экономикалык негиздемени жана долбоордук документтерди иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар формасында ишке ашырылуучу бюджеттик инвестициялардын долбоорлорунун тизмегине 2021-жылга жана кийинки жылдарга автомобиль жолун курууга техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууну жана долбоордук документтерди даярдоону киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктардын алкагында ушул буйрукту ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| А.Э.Новиков |