Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 4-апрелиндеги № 168-тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 26-ноябры № 385-б

Ишкердик иш субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жактардын (Бизнес-акыйкатчы) байкоочу кеңешинин курамын түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Алиев Бекболот Абдыганыевич Бизнес-акыйкатчынын Байкоочу кеңешинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 30-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу,

биринчи вице-премьер-министр

 

А.Э.Новиков