Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 3-декабры № 650
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы № 777 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын жобосуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 818 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 4-майындагы № 314 буйругу.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| А.Э.Новиков |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Укук коргоо блогунун маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин жол активдерин башкаруу боюнча бөлүмүнүн начальниги;
Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин транспорт жана машина куруу факультетинин деканы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын транспорт жана коммуникациялар боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын Ташуучулар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Ижарачылар жана жеке транспорт айдоочулары" республикалык коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);
CAFMI изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча);
"Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);
"Реформалар жана натыйжалар үчүн" жарандык союздун координатору (макулдашуу боюнча);
Темир Джумакадыров атындагы "ProLex" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын айдоочулар союзу" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча).