Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 374-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 11-декабры № 394-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-мартындагы № 80-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмесинде:

"Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасындагы:

- 2 жана 4-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри" деген сөздөр "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги жана Евразия экономикалык бирлиги маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри" деген сөздөр "чек ара маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 23-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 30-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

 

А.Новиков