КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 11-декабры № 395-б
Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Кутманова Динара Асиевнага Азия суу кеңешинин жана Корея Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын расмий өкүлдөрү менен "Жашыл өсүү", көмүртек нейтралдуулугу, айлана-чөйрөнү коргоо, ошондой эле кыргыз тарапка коронавирустук инфекцияны (COVID-19) аныктоо үчүн тест-системаларды берүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| А.Э.Новиков |