Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 17-декабры № 399-б
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-июлундагы № 239-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 1-пунктчасында "кислороддук концентраторлорду" деген сөздөрдөн кийин ", ПЧР тест-системаларын" деген сөздөр менен толукталсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| А.Э.Новиков |