Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 29-декабры № 409-б
1. "Борбордук Азиядагы жана Афганстандагы чек араларды башкаруу" программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Финансылык макулдашуунун (АСА/2019/041-701) расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын директоруна жогоруда аталган Финансылык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| А.Э.Новиков |