Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 24-декабры № 406-б
Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 2, 3, 11, 125 жана 153-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынын бөлүгүн республикалык бюджеттин кирешесине которуу боюнча милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда аткаруу үчүн укуктук негиздер ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып келип чыга тургандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 2020-жылдын алдын ала жыйынтыктары боюнча 4 000 000 000(төрт миллиард) сом суммасындагы пайданын бөлүгүн республикалык бюджеттин кирешесине мөөнөтүнөн мурда которуу сунушталсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-минситрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер министр |
А.Э.Новиков |