Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 10-февралы № 21-б
Балдар жана жаштар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын шаарларынын ишине дем берүү максатында, "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсун өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын жыйынынын 2020-жылдын 11-декабрындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 487 токтому менен бекитилген "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобонун 25-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Комплекстүү баалоонун жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган Кыргыз Республикасынын төмөнкү шаарлары "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсунун жеңүүчүлөрү болуп таанылсын:
- 1-орун - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары;
- 2-орун - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары;
- 3-орун - Баткен облусунун Баткен шаары.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги акчалай байгелерди тапшыруу менен "Балдарга жапа жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанатын өткөрүү боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | У.А.Марипов |