Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 45-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 12-февралы № 26-б
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталынын сапаттуу иштешин камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 277-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктундагы "2021-жылдын 1-мартына" деген сөздөр "2022-жылдын 1-январына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 4-пунктунун 4-пунктчасынын биринчи абзацындагы "15-февралына" деген сөздөр "15-июнуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 7-пунктундагы "2021-жылдын 1-мартына" деген сөздөр "2022-жылдын 1-январына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Пилоттук долбоордун алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталын эксплуатациялоо тартибинде:
- 22-пунктунда:
4-пунктчасындагы "долбоорлору менен бөлүшүүгө" деген сөздөр "долбоорлору жөнүндө маалымат менен бөлүшүүгө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пунктчасындагы "түзүүгө" деген сөз "киргизүүгө" деген сөз менен алмаштырылсын;
7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) Бирдиктүү порталды колдонуу эрежелери сакталбаган учурда иштеп чыгуучу орган тарабынан "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралуучу даттанууларды берүүгө";".
Премьер-министр | У.А.Марипов |