Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 17-февралы № 29-б
Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр борборлоруна отунду жеткирүүнү каржылоо үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 326-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги 2020-жылдын сентябрь-декабрындагы мезгилде "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна 1000000000 (бир миллиард) сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредит, анын ичинде импорттолгон электр энергиясына төлөөгө - 82573246 (сексен эки миллион беш жүз жетимиш үч миң эки жүз кырк алты) сом, Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр борборлорунун керектөөлөрү үчүн отун сатып алууга - 917426754 (тогуз жүз он жети миллион төрт жүз жыйырма алты миң жети жүз элүү төрт) сом берсин жана белгиленген тартипте төмөнкү шарттарда карыздык милдеттенме түзсүн:".
Премьер-министр | У.А.Марипов |