Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 18-февралы № 31-б
Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо системасын түзүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына бекер техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун долбооруна кол коюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-декабрындагы № 408-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министрине аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин."
Премьер-министр | У.А.Марипов |