Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 22-февралы № 34-б
Салмак-габариттик контролду жүргүзүүдө жана транспорт каражаттарынын жасалма курулмалар аркылуу өтүүсү үчүн жыйымдарды алууда коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, адам факторун минималдаштыруу, ошондой эле транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлерин бузуу жөнүндө маалыматты автоматтык түрдө берүү жана Бишкек-Ош автомобиль жолунда транспорт каражаттарынын жасалма курулмалар аркылуу өтүүсү үчүн жыйымды автоматтык түрдө алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлерин бузуу жөнүндө маалыматты автоматтык түрдө берүү жана Бишкек-Ош автомобиль жолунда транспорт каражаттарынын жасалма курулмалар аркылуу өтүүсү үчүн жыйымды автоматтык түрдө алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун жүргүзсүн жана конкурс жарыяласын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин ар жылдык суроосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги үчүн республикалык бюджетте конкурстун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде жабдуучу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө адистештирилген техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт каражаттарынын салмак-габариттик ченемдерин бузуу үчүн административдик айыптарды төлөө, ошондой эле Бишкек-Ош автомобиль жолунда транспорт каражаттарынын жасалма курулмалар аркылуу өтүүсү үчүн жыйымды автоматтык түрдө алуунун эсебинен республикалык бюджеттин кирешесине түшүүчү каражаттардан финансы каражаттарын караштырсын;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине конкурсту өткөрүү жана өткөрүлгөн конкурстун натыйжалары боюнча түзүлгөн бюджеттик милдеттенмени (келишимди) каттоо үчүн шарттарды камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине адистештирилген техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик ченемдерин бузуу үчүн төлөнүүчү айып пулдарды топтоо, ошондой эле Бишкек-Ош автомобиль жолунда транспорт каражаттарынын жасалма курулмалар аркылуу өтүүсү үчүн жыйым боюнча администрациялануучу эсепти ачсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | У.А.Марипов |