Редакцияот 26.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2021-жылдын 26-февралы № 39-б

Мамлекеттик бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101, 114 жана 115-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын кызматкерлери үчүн 2021-жылдын 27-февралы, 31-июлу жана 30-октябры Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компенсациялоо менен иш күндөрү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2021-жылдын 27-февралын, 31-июлун жана 30-октябрын иш күндөрү деп жарыялоо сунушталсын.

 

Премьер-министр

У.А.Марипов