Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 11-марты № 57-б
2021-жылы юбилейлик иш-чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2021-жылга жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) 2021-жылга өз иштерин пландаштырууда 2-тиркемеде аталган 2021-жылга юбилейлик иш-чаралардын тизмегин жетекчиликке алышсын.
3. Ушул буйруктун 1 жана 2-тиркемелериндеги юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттин, ишке тартылган министрликтердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржылана тургандыгы белгиленсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| У.А. Марипов |
|
| 1-тиркеме |
2021-жылга жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын ТИЗМЕГИ
№ | Иш-чаралардын аталышы | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булагы |
1 | Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы | Министрликтер, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган министрликтердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен |
2 | Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгы | ММСЖСМ, министрликтер, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган министрликтердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен |
Кыскартуулардын тизмеси:
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; |
КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү. |
|
| 2-тиркеме |
2021-жылга юбилейлик иш-чаралардын ТИЗМЕГИ
2. Юбилейлик иш-чаралар | |||
№ | Мааракеси өткөрүлүүчү инсандар | Мааракелик дата (туулган күнүнө) | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Кусейин Карасаев, академик, лингвист, лексикограф жана лексиколог, түрколог, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер | 120 жыл | ММСЖСМ, БИМ, УИА, КРӨнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
2 | Касым Тыныстанов, кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, акын, драматург, агартуучу, журналист, профессор | 120 жыл | ММСЖСМ, БИМ, УИА, КРӨнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
3 | Сүйүнбай Эралиев, Кыргыз ССРинин эл акыны, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасынын ээси | 120 жыл | ММСЖСМ, КРӨнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
4 | Сакин Бегматова, советтик мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министри, Кыргыз ССРинин Министрлер советинин төрагасынын орун басары | 100 жыл | ТИМ |
5 | Эстебес Турсуналиев, төкмө акын, СССРдин эл артисти | 90 жыл | ММСЖСМ, УИА, КРӨнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
6 | Төлөгөн Касымбеков, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасынын ээси | 90 жыл | ММСЖСМ, КРӨнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
7 | Ильяс Ботбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги | 90 жыл | АСЧАӨМ, УИА |
8 | Рыспай Абдыкадыров, обончу, ырчы жана агартуучу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти | 80 жыл | ММСЖСМ, КРӨнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
9 | Казат Акматов, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, легендарлуу парламенттин депутаты | 80 жыл | ММСЖСМ, БИМ, ТИМ, УИА, КРӨнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
10 | Болот Шамшиев, СССРдин эл артисти, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, кинорежиссёр | 80 жыл | ММСЖСМ |

ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
АСЧАӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги; |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы; |

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ