КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 15-марты № 59-б
1. Төмөнкүлөр расмий тилде (расмий эмес котормо) жактырылсын:
1) 2016-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын, "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн Европа Бирлигинин инвестициялык механизми линиясы боюнча (European Union's Investment Facility for Central Asia, ИФКА) Европа комиссиясынан инвестициялык грант боюнча Гранттык макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу катынын долбоору, 1-тиркемеге ылайык;
2) 2017-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен "Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу катынын долбоору, 2-тиркемеге ылайык;
3) 2016-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу катынын долбоору, 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Экономика жана финансы министрине жогоруда аталган макулдашуу каттарына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| У.Марипов |