Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 19-марты № 65-б
Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 24-февралындагы № 37-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын көңүлгө алуу менен:";
- 1-4, 6, 8, 9, 11 жана 12-пункттары "жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону" деген сөздөрдөн кийин "жана референдумду" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1 жана 4-2-пункттар менен толукталсын:
"4-1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын арасында алардын шайлоо укуктарын колдонуусунун шарттары жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн шайлоочулар жөнүндө белгиленген тартипте маалымат даярдап, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоочулардын такталган тизмесин берсин;
- республиканын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын референдумуна катышуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук талаптарын сактоо жана жарандардын ден соолугун коргоо боюнча зарыл шарттарды түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине Кыргыз Республикасынын референдуму боюнча документтерди жана тиешелүү жабдууларды өз учурунда жана ыкчам жеткирүүнү уюштурсун.
4-2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтсүн:
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарында кызмат өтөп жаткан:
- шектүү же айыпталуучу катары камак жайларында кармалган.";
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнө жүктөлсүн.";
- жогоруда аталган буйруктун тиркемесинин аталышы "жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону" деген сөздөрдөн кийин "жана референдумду" деген сөздөр менен толукталсын;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Казакбаев Руслан Айтбаевич | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Абдралиева Гулмира Курманбековна | - | Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Камчыбекова Толкун Арстанбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Аликеев Суйунтбек Сакыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; |
Нарбеков Бакытбек Наркулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Тентишев Эркин Саткынбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
- курамдан Рысалиев Б.К., Чолпонкулов М.А., Бузурманкулов А.М., Мияров М.И. чыгарылсын;
- расмий тилдеги тексттеги "Узаков Азат Сапарбаевич" позициясындагы "башчысынын орун басары" деген сөздөр "башчысы" деген сөз менен алмаштырылсын.
Премьер-министр |
| У.Марипов |