Редакцияот 25.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

 

БУЙРУК

 

2021-жылдын 25-марты № 73-б

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын бейпилдиги чөйрөсүндө көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын (Россия Федерациясы) ортосундагы Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди (2005-жыл) киргизүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга 2018-жылдын 21-сентябрындагы Административдик келишимдин алкагында акысыз техникалык жардам катарында келген 2020-жылы чыгарылган, VIN X892811МIL0СЕ9004, кыймылдаткычынын № 534430L0113366, кузовунун № С41А23L0040616, ак түстөгү "Автоспектр МОВBILАВ 2811М1 МЛЭД" автошасси базасындагы мобилдик экспресс-диагностикалоочу микробиологиялык лабораторияны мамлекеттин менчигине кабыл алсын;

- ушул пунктта аталган мобилдик микробиологиялык лабораторияны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар борборунун оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган мобилдик микробиологиялык лабораторияны оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана аны максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Мобилдик экспресс-диагностикалоочу микробиологиялык лабораторияны тейлөө боюнча чыгымдар Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине тийешелүү жылга республикалык бюджеттен каралган каражаттардын чегинде каржылана тургандыгы белгиленсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

У.Марипов