Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 4-марты № 46-б
1. Төмөнкүлөр расмий тилде (расмий эмес котормо) жактырылсын:
1) Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-каттын долбоору, 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун (COVID-19га чара көрүү боюнча) Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо) долбоору, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрине жогоруда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | У.Марипов |