Редакцияот 28.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

 

БУЙРУК

2021-жылдын 28-апрели № 480

Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы өз ара ишенимди жогорулатууга, соода-экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүүгө, маданий өз ара аракеттенүүнү илгерилетүүгө жана парламенттер аралык байланыштарды активдештирүүгө кошкон зор салымы үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ха Тэ Ёк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын.

 

Премьер-министр

 

У. Марипов