Редакцияот 26.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

 

БУЙРУК

2021-жылдын 26-апрели № 104-б

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун натыйжалуу ишин камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-августундагы № 352-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«5. «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен биргеликте «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун каржылоо булагы катары аталган акционердик коомдун туунду уюмдарынын электр жана жылуулук энергиясынын өздүк наркына кирбеген каражаттарын белгиленген тартипте аныктоо сунушталсын.».

Премьер-министр

 

У.Марипов