КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 4-майы № 115-б
COVAX механизминин алкагында (Вакцинация жана иммунизация боюнча глобалдык альянс тарабынан сунушталган) Кыргыз Республикасынын калкынын коронавирустук инфекциянын вакциналарына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021-жылдын 10-февралындагы № 20-03 тапшырмасы менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын COVAX механизминин алкагында жоопкерчиликтен коргоо жөнүндө макулдашууну түзүү мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутундусун эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрине COVAX механизминин алкагында жоопкерчиликтен коргоо жөнүндө макулдашууну түзүүгө ыйгарым укук берилсин.
2. COVAX механизминин алкагында жоопкерчиликтен коргоо жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору (расмий эмес котормо) принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
У.Марипов |