Редакцияот 26.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

БУЙРУК

2021-жылдын 26-майы № 16-б

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймактарын өзгөчө кырдаалдар менен ассоциациялануучу оорулардан санитардык коргоо жаатында кызматташууну жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймактарын санитардык коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын.

 

 

Төрага

У. А.Марипов