Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
БУЙРУК
2021-жылдын 1-июну № 20-б
Кыргыз Республикасында ишкердик ишти колдоо жана өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында ишкерлерди тейлөө борборун түзүү тартиби жана шарттары (мындан ары - Борбор) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Борбордун ишине тартылган мамлекеттик органдар бир айлык мөөнөттө:
1) Борбордун аянтчасында функцияларды жана милдеттерди аткаруунун алгоритмдерин белгилөө боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин;
2) Борбордун аянтчасында ишти жүзөгө ашыруу боюнча ички ведомстволук регламенттерди иштеп чыксын жана бекитсин;
3) Борбордун аянтчасында функцияларды ишке ашыруу үчүн кызматкерлердин зарыл болгон штаттык санын аныктасын;
4) Борбордун аянтчасында ишкердик субъекттер үчүн окутуучу тематикалык тренингдерди жана семинарларды туруктуу негизде өткөрүп турсун.
3. Мамлекеттик органдардын жетекчилери Борбордун аянтчасында ишкердик субъекттердин өкүлдөрүн жеке кабыл алуунун ар айлык графигин белгилесин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | У. А. Марипов |