Редакцияот 12.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

БУЙРУК

2021-жылдын 12-майы № 7

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз- тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюича Кыргыз Республикасынын окмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун (мындан ары - Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу) курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын делегациясы менен биргелешкен жолугушууга Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу 2021-жылдын 13-17-майында Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө” токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Төрага

У. А. Марипов

 

Тиркеме

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун курамы

 

Борубаев Назирбек Нарматович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, жумушчу топтун жетекчиси;

Мырзаев Абдулат Абдраимович - Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Молдоисаев Жаныбек Турдубекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

Кочкорбаев Сагын Абдумуталипович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары;

Толеев Ардак Азизбекович - Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык- геодезиялык кызматтын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;

Лужевская Марина Владимировна - Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын мамлекеттик чек араны делимнтациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;

Каракозуев Изатбек Маметжумаевич - Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын директорунун орун басары - Кыргыз комплекстүү аэрогеодезиялык экспедициясынын талаа иштери боюнча начальниги;

Эргешов Абдиназар Мамытович - Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту” мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальники;

Мамаюсупов Исматила Абдуллаевич - Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сүлүктү-Лейлек филиалынын директору;

Исираев Жусупбек Арыпович - Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын директору.