КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
БУЙРУК
2021-жылдын 7-июну № 26-б
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Автордук укук жана чектеш укуктар жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директоруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Төрага | У. А. Марипов |