Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 22-майы № 85
Көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйлансын:
Адашмаев Азамат Майрамбекович - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 мекемесинин начальниги, ички кызматтын полковниги;
Жаныбек уулу Жанарбек - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин подполковник А. Жанаев атындагы окутуу-машыгуу борборунун спорттун оюн түрлөрү боюнча машыктыруучусу, лейтенант;
Мадоморов Мирбек Асылбекович - Ош облустук мамлекеттик архивдин документтер менен иштөө борборунун башкы архивисти;
Мамасалиева Асмат Орозбековна - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин калкты каттоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн адиси;
Панченко Лариса Ивановна - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын долбоордук иш башкармалыгынын башкы адиси;
Солпиева Нуркалый Абалканович – Талас Облусунун юстиция башкармалыгынын башкы адиси;
Эргешов Толкун Турдукулович - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустары боюнча региондор аралык бөлүмүнүн башчысы-координатору.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н.Жапаров |