КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 28-апрели № 108-б
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун Солтон-Сары кениндеги Алтын-Төр участогун иштетүү процессинде пайда болгон калдык сактоочу жайлардын калдыктарын экологиялык реабилитациялоо жана кайра иштетүү максатында, "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте жеткиликтүү мыкты технологияларды колдонуу менен Солтон-Сары кениндеги Алтын-Төр участогун иштетүү процессинде пайда болгон калдык сактоочу жайды экинчи жолу иштетүүгө уруксат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | У.Марипов |