Сравнение редакций…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 20-б буйругуна) |
Кыргыз Республикасында ишкерлерди тейлөө борборун түзүү ТАРТИБИ ЖАНА ШАРТТАРЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасында ишкерлерди тейлөө борборун (мындан ары - Борбор) түзүүнүн шарттарын, максаттарын жана милдеттерин аныктайт.
2. Борбор ишкердик субъекттер менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана финансы-кредиттик мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрдү жана өз ара аракеттенүүнүн башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу боюнча бирдиктүү аянтча болуп саналат.
2. Борбордун максаттары
3. Салык төлөөчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатуу жана ишкерлердин аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана финансы-кредиттик мекемелер менен өз ара аракеттенүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү.
3. Борбордун милдеттери
4. Борбор өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана финансы-кредиттик мекемелер менен түздөн-түз өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.
5. Борбордун милдети - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана финансы-кредиттик мекемелер көрсөтүүчү салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, лицензиялык-уруксат берүү документтерин берүү, окутуу аркылуу ишкерлердин компетенциясын жана көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле коррупциялык механизмдерди жоюу бөлүгүндөгү мамлекеттик кызматтарды жана башка кызматтарды алууда ишкерлерди (жеке жана юридикалык жактарды) сапаттуу жана өз убагында тейлөө болуп саналат.
6. Белгиленген кызматтарды көрсөтүүнүн негизги ыкмалары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ишкерге кызматтарды көрсөтүүдө зарыл болгон документтерди кабыл алуунун, каттоонун жана берүүнүн бирдиктүү түйүнүн уюштуруу;
2) отчётторду, эсептөөлөрдү, декларацияларды кабыл алуунун бирдиктүү түйүнүн уюштуруу;
3) ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү (анын ичинде электрондук) оптималдаштыруу, документтерди жүгүртүү убактысын кыскартуу, ар кандай ведомстволордун маалымат базаларын бириктирүү;
4) мамлекеттик органдарга ишкер тарабынан кийин башка ведомстволорго берүү милдетисиз жеке маалыматтарды бир жолу берүүсү. Зарыл болгон учурларда мамлекеттик органдар маалыматтарды башка мамлекеттик органдардан өз алдынча суратып алууга милдеттенишет;
5) ишкердин бир эле учурда бир нече мамлекеттик кызматтарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтарын алуу мүмкүнчүлүгү;
6) мамлекеттик кызматтарды жана лицензиялоо-уруксат берүү документтерин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтарын алууда ишкерлердин чыгымдарын кыскартуу;
7) мамлекеттик кызматтарды жана лицензиялоо-уруксат берүү документтерин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтарын алууда коррупцияны жоюу.
7. Борбор тарабынан кызмат көрсөтүүнүн артыкчылыктары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында маалыматтар менен алмашуунун тездигинин өсүшү;
2) көрсөтүлгөн кызматтардын ачык-айкындуулугу;
3) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечим кабыл алуу мөөнөттөрүнүн кыскарышы;
4) ишкердин бир эле учурда бир нече кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү;
5) процесстерди тартипке келтирүүнүн эсебинен уюштуруучулук процесстерди оптималдаштыруу;
6) кызматтар жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу (онлайн-маалымдоо, колл-борборлор, маалымат такталары, буклеттер, брошюралар ж.б.);
7) кызмат көрсөтүү процессин контролдоо.
4. Борбордун функциялары
8. Борбордун функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) камсыздоо бөлүгүндөгү функциялар:
- ишкердик субъекттерди каттоого, кайра каттоого, каттоону жокко чыгарууга, ишин токтотууга байланыштуу салык төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- ишкердик субъекттердин салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчётторун, эсептөөлөрүн жана декларацияларын кабыл алуу;
- "Салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу "Логин" берүү жана ыйгаруу (салык кызматтарын электрондук вариантта пайдалануу үчүн), ишкердик субъекттердин патенттерин жана камсыздандыруу полистерин, электрондук патенттерин берүү жана колдонуу мөөнөтүн узартуу;
- ишкердик субъекттердин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктар боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө, салыктык каттоосу тууралуу маалым каттарды берүү;
- документтерди (маалым каттарды, корутундуларды, көчүрмөлөрдү, күбөлүктөрдү жана башка документтерди) каттоо жана берүү;
- тышкы соода ишин тейлөө (экспорттук-импорттук операциялар);
- лицензияларды жана уруксат берүү;
- ишкерлерге методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү;
- юридикалык кызмат көрсөтүүлөр;
- каттарды, арыздарды, документтерди кабыл алуу;
- ишкердик субъекттер үчүн окутуу семинарларын жана тренингдерди өткөрүүнү уюштуруу;
2) тейлөө боюнча төмөнкү бөлүгүндөгү функциялар:
- мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды алуу:
ишкердик субъекттерди каттоо, кайра каттоо жана тышкы соода ишин (экспорттук-импорттук операциялар) жана бажы жол-жоболорун кошо алганда, ишкердик ишти жүзөгө ашырууга лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү;
укугун белгилөөчү, укугун күбөлөндүрүүчү документтерди, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү документтерди берүү;
мамлекеттик реестрлерден, ведомстволук базалардан көчүрмөлөрдү берүү;
- ишкердик ишти ачуу жана жүргүзүү, продукцияны экспорттоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу жана бизнес-пландарды иштеп чыгуу маселелери боюнча маалыматтык-консультациялык колдоо көрсөтүү;
- камсыздандыруу, кредиттөө, лизинг операциялары маселелери боюнча финансы-кредиттик, камсыздандыруу жана башка мамлекеттик эмес уюмдардын кызматтарын көрсөтүү жана келишимдин негизинде Борборго ишке тартылган кепилдик фонду тарабынан консультацияларды берүү;
3) маалыматтык кызматтар:
- ишкердик ишти ачуу жана жүргүзүү боюнча маалыматтык-консультациялык колдоо;
- ишкерлер үчүн продукцияны экспорттоо маселелери боюнча консультация берүү;
4) финансылык кызмат көрсөтүүлөр:
- кепилдик фондунун кызматтары;
- камсыздандыруу;
- кредиттер;
- лизинг.
5. Борбордун иштөө тартиби
9. Борбор мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана финансы-кредиттик мекемелердин документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адистештирилген "терезелерин" жайгаштыруу жолу менен иштейт.
10. Борбор 3 блокко бөлүнөт:
1) 1-блок - маалыматтарды иштеп чыгуу блогу (документтерди кабыл алуу жана берүү);
2) 2-блок - маалыматтык-консультациялык блок (консультацияларды жана маалыматтарды берүү);
3) 3-блок - мамлекеттик эмес мекемелер блогу (финансы-кредиттик мекемелер, кепилдик фонддор, камсыздандыруу уюмдары).
11. Борбордун иш-аракеттер алгоритми:
1) 1-блок.
Ишкердик субъекттердин тиешелүү документтерин (арыздарды, кайрылууларды ж.б.) кабыл алуу Борбордун адистештирилген "терезесинде" мамлекеттик органдын кызматкери (мындан ары - кызматкер) тарабынан жүргүзүлөт. Берилген документтердин тууралыгын текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча аларды каттоо менен бир эле учурда документтер кабыл алынгандыгы жөнүндө ишкердик субъектке кабарлайт. Документтерди кабыл алуудан жана каттоодон кийин документтер кароо жана чечимдерди кабыл алуу үчүн мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
Мамлекеттик органдар тарабынан документтерди кароонун жана чечимдерди кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча аларды андан ары ишкердик субъектке өткөрүп берүү үчүн кызматкерге белгиленген мөөнөттө жөнөтүшөт.
Борбордун ишин уюштуруу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жолу менен жүргүзүлөт. Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү борборунун иштөөсүнүн алкагында бардык керектүү маалыматтарды түзүү жана суратып алуу "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Кызмат көрсөтүүлөрдү, лицензиялоо-уруксат берүүчү документтерди жана башка кызматтарды алууга өтүнмөлөрдү берүү, анын ичинде жеке адамдар жана юридикалык жактар үчүн бул кызматтардын натыйжаларын алуу электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу мүмкүн болот.
"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле алардын ведомстволук уюмдарынын тескөөсүндө болгон маалым каттарды жана документтерди жеке жактардан жана юридикалык жактардан суроо-талап кылууга жол берилбейт.
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү үчүн пайдалануучуларды каттоо жана идентификациялоо, ошондой эле салык жол-жоболорун, анын ичинде маалым каттарды берүү, отчётторду жана декларацияларды кабыл алуу "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык Идентификациялоонун бирдиктүү системасы аркылуу ишке ашырылат.
Жеке жана юридикалык жактар Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасы аркылуу өздөрүнүн кайрылууларын Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу мамлекеттик органдардын электрондук документ жүгүртүү системасына, анын ичинде жарым-жартылай автоматташтырылган режимде жөнөтө алышат.
Борбордун 1-блогунда Борбордун ишине тартылган мамлекеттик органдардын 10 "терезеси" жайгаштырылат.
Ар бир "терезеде" ар бир мамлекеттик органдан 2 адис аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматтарын камсыз кылуу үчүн 30 адам аныкталат;
2) 2-блок.
2-блокто ишкердик иштин маселелери боюнча мамлекеттик органдардын компетенттүү кызматкерлери тарабынан маалыматтарды жана консультацияларды берүү үчүн маалыматтык-консультациялык "терезелер" жайгашат.
Ишкердик чөйрөсүндө аралыктан маалымдоо максатында, электрондук маалымат порталы түзүлөт, анда Борбордун функциялары, ишкердик маселелери, мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү колдоо чаралары, электрондук кайрылуулардын тизмеси, ошондой эле ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосунда келип чыккан көйгөйлүү маселелердин онлайн-реестри тууралуу маалыматтардын тизмеси берилет.
3) 3-блок.
Бул блокто финансы-кредиттик мекемелердин (банктардын), "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы Ачык акционердик коомунун, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун филиалдары, ошондой эле камсыздандыруу компаниялары жана "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун өкүлү иштейт.
Борбордун имаратында төмөнкүлөр жайгашат:
- ишкерлердин сүйлөшүүлөрүн, тренингдерди жана ар кандай окутуучу семинарларды өткөрүү үчүн конференц-залдар;
- ишкерлер үчүн күтүү залы.
7. Борбордун аянтчасында иштеген мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын функциялары
12. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн уруксат берүүчү жана башка документтерди алууга жана берүүгө өтүнмөлөрдү кабыл алат.
13. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) каттарды, өтүнмөлөрдү, документтерди кабыл алуу;
2) салык төлөөчүнү каттоо (кайра каттоо), эсептик каттоо, ишин токтотууну каттоо;
3) кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо жана каттоону жокко чыгаруу;
4) салыктар, салыктык эмес төлөмдөр жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду кабыл алуу;
5) "Салык төлөөчүнүн кабинетинде" каттоо (салык кызматтарын электрондук вариантта колдонуу үчүн);
6) патенттерди жана камсыздандыруу полистерин берүү, электрондук патентти берүү жана алардын колдонуу мөөнөтүн узартуу;
7) так отчеттуулуктагы бланктарды каттоо;
8) алкоголдук продукцияларды жүгүртүүгө лицензия алуу үчүн документтерди кабыл алуу;
9) салыктык каттоо жөнүндө, карыздын жоктугу жөнүндө маалым каттарды берүү;
10) камсыздандыруу төгүмдөрүнө салык салуу маселелери, анын ичинде салык жол-жоболорун фискалдаштыруу компоненттеринин системасын ишке киргизүү жана башка маселелер боюнча консультацияларды берүү.
14. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, бош кампалардын, алымдарсыз соода-сатык дүкөндөрүнүн ээлерин, бажы ташуучуларды жана бажы өкүлдөрүн бажы иши чөйрөсүндө реестрлерге киргизүү;
2) интеллектуалдык менчик объектисин Интеллектуалдык менчик объектилеринин бажы реестрине киргизүү;
3) Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө алдын-ала чечимдерди кабыл алуу;
4) салык органына жөнөтүү үчүн бажы төлөмдөрү боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалым каттарды берүү.
15. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти ишкерлерди атайын эсепке алат.
16. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) банктык эмес финансы рыногунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүнү же берүүдөн баш тартууну;
2) консультациялык жардам көрсөтүүнү.
17. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоону;
2) товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоо маселелери боюнча консультацияларды берүүнү.
18. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) жеке медициналык ишти жүзөгө ашырууга лицензия берүүнү;
2) фармацевттик ишти жүргүзүүгө лицензия берүүнү.
19. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) (ишкердик иштин субъекттерин) мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо ишин жүргүзөт.
20. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаменти Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга эмгектик же ишкердик ишти жүргүзүү укугуна уруксат берүүнү жүзөгө ашырат.
21. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль жана суу транспорту жана салмак-габариттик контролдоо агенттиги автомобиль транспорту менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга лицензия берүүнү жүзөгө ашырат.
22. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы товарларга экспертиза жүргүзөт жана товарлардын өндүрүлүшү жөнүндө сертификаттарды берет.
23. Ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адамдын катчылыгы (мындан ары - Бизнес-акыйкатчы) ишкердик иштин субъекттеринен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик сектордун ишканаларынын, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын аракеттерине (анын ичинде чечимдерине) же аракетсиздигине даттанууларды кабыл алат жана карап чыгат жана тийиштүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик сектордун ишканаларына сунуштарды жана сунуштамаларды жөнөтөт.
24. "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы Ачык акционердик коому ишкердик субъекттерди кредиттөөнү ишке ашырат.
25. "Кепилдик фонду" ачык акционердик коому кредит алуу үчүн зарыл болгон кепилдиктерди берүү маселелери боюнча консультацияларды берет.
26. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишкердик субъекттерди кредиттөөнү жүзөгө ашырат.
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 20-б буйругуна) |
Кыргыз Республикасында ишкерлерди тейлөө борборун түзүү ТАРТИБИ ЖАНА ШАРТТАРЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 12-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасында ишкерлерди тейлөө борборун (мындан ары - Борбор) түзүүнүн шарттарын, максаттарын жана милдеттерин аныктайт.
2. Борбор ишкердик субъекттер менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана финансы-кредиттик мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрдү жана өз ара аракеттенүүнүн башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу боюнча бирдиктүү аянтча болуп саналат.
2. Борбордун максаттары
3. Салык төлөөчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатуу жана ишкерлердин аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана финансы-кредиттик мекемелер менен өз ара аракеттенүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү.
3. Борбордун милдеттери
4. Борбор өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана финансы-кредиттик мекемелер менен түздөн-түз өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.
5. Борбордун милдети - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана финансы-кредиттик мекемелер көрсөтүүчү салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, лицензиялык-уруксат берүү документтерин берүү, окутуу аркылуу ишкерлердин компетенциясын жана көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле коррупциялык механизмдерди жоюу бөлүгүндөгү мамлекеттик кызматтарды жана башка кызматтарды алууда ишкерлерди (жеке жана юридикалык жактарды) сапаттуу жана өз убагында тейлөө болуп саналат.
6. Белгиленген кызматтарды көрсөтүүнүн негизги ыкмалары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ишкерге кызматтарды көрсөтүүдө зарыл болгон документтерди кабыл алуунун, каттоонун жана берүүнүн бирдиктүү түйүнүн уюштуруу;
2) отчётторду, эсептөөлөрдү, декларацияларды кабыл алуунун бирдиктүү түйүнүн уюштуруу;
3) ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү (анын ичинде электрондук) оптималдаштыруу, документтерди жүгүртүү убактысын кыскартуу, ар кандай ведомстволордун маалымат базаларын бириктирүү;
4) мамлекеттик органдарга ишкер тарабынан кийин башка ведомстволорго берүү милдетисиз жеке маалыматтарды бир жолу берүүсү. Зарыл болгон учурларда мамлекеттик органдар маалыматтарды башка мамлекеттик органдардан өз алдынча суратып алууга милдеттенишет;
5) ишкердин бир эле учурда бир нече мамлекеттик кызматтарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтарын алуу мүмкүнчүлүгү;
6) мамлекеттик кызматтарды жана лицензиялоо-уруксат берүү документтерин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтарын алууда ишкерлердин чыгымдарын кыскартуу;
7) мамлекеттик кызматтарды жана лицензиялоо-уруксат берүү документтерин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтарын алууда коррупцияны жоюу.
7. Борбор тарабынан кызмат көрсөтүүнүн артыкчылыктары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында маалыматтар менен алмашуунун тездигинин өсүшү;
2) көрсөтүлгөн кызматтардын ачык-айкындуулугу;
3) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечим кабыл алуу мөөнөттөрүнүн кыскарышы;
4) ишкердин бир эле учурда бир нече кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү;
5) процесстерди тартипке келтирүүнүн эсебинен уюштуруучулук процесстерди оптималдаштыруу;
6) кызматтар жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу (онлайн-маалымдоо, колл-борборлор, маалымат такталары, буклеттер, брошюралар ж.б.);
7) кызмат көрсөтүү процессин контролдоо.
4. Борбордун функциялары
8. Борбордун функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) камсыздоо бөлүгүндөгү функциялар:
- ишкердик субъекттерди каттоого, кайра каттоого, каттоону жокко чыгарууга, ишин токтотууга байланыштуу салык төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- ишкердик субъекттердин салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчётторун, эсептөөлөрүн жана декларацияларын кабыл алуу;
- "Салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу "Логин" берүү жана ыйгаруу (салык кызматтарын электрондук вариантта пайдалануу үчүн), ишкердик субъекттердин патенттерин жана камсыздандыруу полистерин, электрондук патенттерин берүү жана колдонуу мөөнөтүн узартуу;
- ишкердик субъекттердин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктар боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө, салыктык каттоосу тууралуу маалым каттарды берүү;
- документтерди (маалым каттарды, корутундуларды, көчүрмөлөрдү, күбөлүктөрдү жана башка документтерди) каттоо жана берүү;
- тышкы соода ишин тейлөө (экспорттук-импорттук операциялар);
- лицензияларды жана уруксат берүү;
- ишкерлерге методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү;
- юридикалык кызмат көрсөтүүлөр;
- каттарды, арыздарды, документтерди кабыл алуу;
- ишкердик субъекттер үчүн окутуу семинарларын жана тренингдерди өткөрүүнү уюштуруу;
2) тейлөө боюнча төмөнкү бөлүгүндөгү функциялар:
- мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды алуу:
ишкердик субъекттерди каттоо, кайра каттоо жана тышкы соода ишин (экспорттук-импорттук операциялар) кошо алганда, ишкердик ишти жүзөгө ашырууга лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү;
укугун белгилөөчү, укугун күбөлөндүрүүчү документтерди, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү документтерди берүү;
мамлекеттик реестрлерден, ведомстволук базалардан көчүрмөлөрдү берүү;
- ишкердик ишти ачуу жана жүргүзүү, продукцияны экспорттоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу жана бизнес-пландарды иштеп чыгуу маселелери боюнча маалыматтык-консультациялык колдоо көрсөтүү;
- камсыздандыруу, кредиттөө, лизинг операциялары маселелери боюнча финансы-кредиттик, камсыздандыруу жана башка мамлекеттик эмес уюмдардын кызматтарын көрсөтүү жана келишимдин негизинде Борборго ишке тартылган кепилдик фонду тарабынан консультацияларды берүү;
3) маалыматтык кызматтар:
- ишкердик ишти ачуу жана жүргүзүү боюнча маалыматтык-консультациялык колдоо;
- ишкерлер үчүн продукцияны экспорттоо маселелери боюнча консультация берүү;
4) финансылык кызмат көрсөтүүлөр:
- кепилдик фондунун кызматтары;
- камсыздандыруу;
- кредиттер;
- лизинг.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 12-т тескемесинин редакциясына ылайык)
5. Борбордун иштөө тартиби
9. Борбор мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана финансы-кредиттик мекемелердин документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адистештирилген "терезелерин" жайгаштыруу жолу менен иштейт.
10. Борбор 3 блокко бөлүнөт:
1) 1-блок - маалыматтарды иштеп чыгуу блогу (документтерди кабыл алуу жана берүү);
2) 2-блок - маалыматтык-консультациялык блок (консультацияларды жана маалыматтарды берүү);
3) 3-блок - мамлекеттик эмес мекемелер блогу (финансы-кредиттик мекемелер, кепилдик фонддор, камсыздандыруу уюмдары).
11. Борбордун иш-аракеттер алгоритми:
1) 1-блок.
Ишкердик субъекттердин тиешелүү документтерин (арыздарды, кайрылууларды ж.б.) кабыл алуу Борбордун адистештирилген "терезесинде" мамлекеттик органдын кызматкери (мындан ары - кызматкер) тарабынан жүргүзүлөт. Берилген документтердин тууралыгын текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча аларды каттоо менен бир эле учурда документтер кабыл алынгандыгы жөнүндө ишкердик субъектке кабарлайт. Документтерди кабыл алуудан жана каттоодон кийин документтер кароо жана чечимдерди кабыл алуу үчүн мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
Мамлекеттик органдар тарабынан документтерди кароонун жана чечимдерди кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча аларды андан ары ишкердик субъектке өткөрүп берүү үчүн кызматкерге белгиленген мөөнөттө жөнөтүшөт.
Борбордун ишин уюштуруу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жолу менен жүргүзүлөт. Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү борборунун иштөөсүнүн алкагында бардык керектүү маалыматтарды түзүү жана суратып алуу "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Кызмат көрсөтүүлөрдү, лицензиялоо-уруксат берүүчү документтерди жана башка кызматтарды алууга өтүнмөлөрдү берүү, анын ичинде жеке адамдар жана юридикалык жактар үчүн бул кызматтардын натыйжаларын алуу электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу мүмкүн болот.
"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле алардын ведомстволук уюмдарынын тескөөсүндө болгон маалым каттарды жана документтерди жеке жактардан жана юридикалык жактардан суроо-талап кылууга жол берилбейт.
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү үчүн пайдалануучуларды каттоо жана идентификациялоо, ошондой эле салык жол-жоболорун, анын ичинде маалым каттарды берүү, отчётторду жана декларацияларды кабыл алуу "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык Идентификациялоонун бирдиктүү системасы аркылуу ишке ашырылат.
Жеке жана юридикалык жактар Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасы аркылуу өздөрүнүн кайрылууларын Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу мамлекеттик органдардын электрондук документ жүгүртүү системасына, анын ичинде жарым-жартылай автоматташтырылган режимде жөнөтө алышат.
Борбордун 1-блогунда Борбордун ишине тартылган мамлекеттик органдардын 10 "терезеси" жайгаштырылат.
Ар бир "терезеде" ар бир мамлекеттик органдан 2 адис аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматтарын камсыз кылуу үчүн 30 адам аныкталат;
2) 2-блок.
2-блокто ишкердик иштин маселелери боюнча мамлекеттик органдардын компетенттүү кызматкерлери тарабынан маалыматтарды жана консультацияларды берүү үчүн маалыматтык-консультациялык "терезелер" жайгашат.
Ишкердик чөйрөсүндө аралыктан маалымдоо максатында, электрондук маалымат порталы түзүлөт, анда Борбордун функциялары, ишкердик маселелери, мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү колдоо чаралары, электрондук кайрылуулардын тизмеси, ошондой эле ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосунда келип чыккан көйгөйлүү маселелердин онлайн-реестри тууралуу маалыматтардын тизмеси берилет.
3) 3-блок.
Бул блокто финансы-кредиттик мекемелердин (банктардын), "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы Ачык акционердик коомунун, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун филиалдары, ошондой эле камсыздандыруу компаниялары жана "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун өкүлү иштейт.
Борбордун имаратында төмөнкүлөр жайгашат:
- ишкерлердин сүйлөшүүлөрүн, тренингдерди жана ар кандай окутуучу семинарларды өткөрүү үчүн конференц-залдар;
- ишкерлер үчүн күтүү залы.
6. Борбордун аянтчасында ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын функциялары
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 12-т тескемесинин редакциясына ылайык)
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасы тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн уруксат берүүчү жана башка документтерди алууга жана берүүгө өтүнмөлөрдү кабыл алууну жүргүзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын колл-борборуна жана (же) бажы органдарына жөнөтүү үчүн бажы чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнча консультацияларды өткөрөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 12-т тескемесинин редакциясына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) каттарды, арыздарды, документтерди кабыл алууну;
2) салык төлөөчүнү каттоону (кайра каттоону), эсептик каттоону, ишин токтотууну каттоону;
3) кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоону жана каттоону жокко чыгарууну;
4) салыктар, салыктык эмес төлөмдөр жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчёттуулукту кабыл алууну;
5) “салык төлөөчүнүн кабинетинде” каттоону (салык кызматтарын электрондук вариантта колдонуу үчүн);
6) патенттерди жана камсыздандыруу полистерин, электрондук патенттерди берүүнү жана алардын колдонуу мөөнөтүн узартууну;
7) так отчёттуулук бланктарын каттоону;
8) алкоголдук продукцияларды жүгүртүүгө лицензия алуу үчүн документтерди кабыл алууну;
9) салыктык каттоо жөнүндө, карыздын жоктугу жөнүндө маалымкаттарды берүүнү;
10) камсыздандыруу төгүмдөрүнө салык салуу, анын ичинде салык жол-жоболорун фискалдаштыруу компоненттеринин системасын ишке киргизүү маселелери жана башка маселелер боюнча консультацияларды берүүнү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 12-т тескемесинин редакциясына ылайык)
14. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти ишкерлерди атайын эсепке коюуну жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 12-т тескемесинин редакциясына ылайык)
15. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) банктык эмес финансы рыногунда иш жүргүзүү үчүн лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүнү жана берүүдөн баш тартууну;
2) консультациялык жардам көрсөтүүнү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 12-т тескемесинин редакциясына ылайык)
16. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого өтүнмөлөрдү кабыл алууну жана товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоону;
2) товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоо маселелери боюнча консультацияларды берүүнү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 12-т тескемесинин редакциясына ылайык)
17. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга лицензияларды берүүнү жүргүзөт:
1) жеке медициналык ишти;
2) фармацевттик ишти.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 12-т тескемесинин редакциясына ылайык)
18. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) (ишкердик иштин субъекттерин) мамлекеттик каттоону, кайра каттоону жана ишин токтотууну каттоону жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 12-т тескемесинин редакциясына ылайык)
19. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын эмгектик же ишкердик ишти жүзөгө ашыруу укугуна уруксат берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 12-т тескемесинин редакциясына ылайык)
20. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти автомобиль транспорту менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга лицензияларды берүүнү жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 12-т тескемесинин редакциясына ылайык)
21. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы товарларды экспертизалоону жана товарлардын эмнеден жасалгандыгы жөнүндө сертификаттарды берүүнү жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 12-т тескемесинин редакциясына ылайык)
22. Ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (мындан ары – бизнес-акыйкатчы) ишкердик иштин субъекттеринен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик сектордун ишканаларынын, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын аракеттерине (анын ичинде чечимдерине) же аракетсиздигине даттанууларды кабыл алат жана карап чыгат жана тийиштүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик сектордун ишканаларына сунуштарды жана сунуштамаларды жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 12-т тескемесинин редакциясына ылайык)
23. “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коому ишкердик субъекттерин кредиттөөнү жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 12-т тескемесинин редакциясына ылайык)
24. “Кепилдик фонд” ачык акционердик коому кредит алуу үчүн зарыл болгон кепилдиктерди берүү маселелери боюнча консультацияларды жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 12-т тескемесинин редакциясына ылайык)
25. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишкердик субъекттерин кредиттөөнү жүзөгө ашырат.