КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 15-апрели № 91-б
Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 16 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Расмий тилде тиркелген 2012-2019-жылдар мезгилинде Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактты аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын бешинчи улуттук баяндамасы жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган баяндаманы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына белгиленген тартипте жиберсин.
Премьер-министри | У.А.Марипов |