КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 20-апрели № 100-б
1. 2014-жылдын 17-январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Атайын операциялар) (БАРЭК (Бишкек-Ош автожолу) 3-коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, 4-фаза) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Макулдашуу-каттын расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министрине жогоруда аталган Макулдашуу-катка принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | У.А.Марипов |