КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧЕСИ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 7 июну № 286
Жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана аткаруу бийлигинин органдарын кайра түзүүнү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин оптималаштыруу максатында:
1. Кыргыз республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдывк кызмат орундарынын реестринин жаны редакциядагы долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары – ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин жаңы редакциядагы долбоорун жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө сунуштарды иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укук берилсин:
- мамлекеттик органдардын жана уюмдардын эксперттерин, консультанттарын, адистерин ишке тартууга;
- коюлган милдеттеринаткаруу үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан материалдары суроого жана жардам алууга.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
С.С. Касмамбетов |
| тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин жаңы редакциядагы долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Кармышаков Улукбек Тойчуевич
| Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Администрациясынын Жетекчисинин биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси: |
Бакиров Жетиген Жокинович | Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын мамлекеттик, муниципалдык кызмат жана кадр саясаты бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
| ||
Керимжанов Алтынбек Джамалбекович | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кдрлар бөлүмүнүн башчысы; |
| ||
Орозалиев Акылбек Атабекович | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын инспектордук-контролдоо иштери бөлүмүнүн башчысы; |
| ||
Естебесов Адыл Жээнбекович
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы; |
| ||
Жалалов Жаныбек Махматалиевич
| Кыргыз Республикасынын ПрезидентининАдминистрациясынын Министрлер уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; |
| ||
Турсуналиев Мирлан
| Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттик укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүң башчысынын орун басары |
| ||
| Исаматов Данияр Маратович
| Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Администрациясынын мамлекеттик, муниципалдык кызмат жана кадр саясаты бөлүмүнүн эксперти; | ||
Истамов Болот Сапарбекович | Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин кеңешчиси; |
Джаманкулов Азамат Маратович | Кыргыз Республикасынын Мамлекттик кадр кызматынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу тотун ; |
Шеримкулова Айсалкын Шеркуловна | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык маселелер, мамлекеттик башкаруу, укук коргоо жана сот системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар башкармалыгынын башкы адиси. |