Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 24-июну № 51-т
Кыргыз Республикасынын финансы рыногун өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 24 "Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 24 "Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча):
1) белгиленген мөөнөттөрдө Планды аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
2) квартал сайын Пландын аткарылышы жөнүндө маалыматты отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги квартал сайын Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | У. А. Марипов |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 24 "Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булактары |
1 | Накталай эмес жүгүртүүнүн үлүшүн көбөйтүү жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү үчүн накталай төлөмдөрдү жүргүзүүдө чектүү суммаларды белгилөөнү караган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | "Накталай эмес эсептешүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | Накталай эсептешүү үчүн чектүү сумма белгиленген | ЭФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2021-жылдын 1-июлуна чейин | Республикалык бюджет, КРУБ каражаттары |
2 | Криптовалюталарды жүгүртүүнүн укуктук негизин түзүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана тобокелдиктерди азайтуу үчүн криптовалюталарды жүгүртүүнү жөнгө салууну киргизүү бөлүгүндө мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу | 1) криптовалюталарды жүгүртүүнүн укуктук негизин түзүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу; 2) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана тобокелдиктерди азайтуу максатында криптовалюталарды сатып алуучу жана сатуучу (алмашуучу) рыноктун субъекттеринин ишин жөнгө салуу механизмдерин иштеп чыгуу | Ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна жиберилген | КРУБ (макулдашуу боюнча), ЭФМ | 2021-жылдын 31-декабрына чейин | КРУБ каражаттары, республикалык бюджет |
3 | Финансы-кредиттик уюмдар тарабынан тейлөөнүн аралыктагы каналдары аркылуу кредиттөөнү ишке ашыруу үчүн маалыматты алуу, ошондой эле финансы-кредиттик уюмдарды ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү процессине кошуу максатында шарттарды түзүү жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтар базасын түзүү маселесин иштеп чыгуу | Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү процессине финансы-кредиттик уюмдарды кошууну жөнөкөйлөтүү үчүн шарттарды түзүү, маалыматтарды электрондук түрдө алуу, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерине чектөөлөрдү башкаруу үчүн мамлекеттик органдардын маалыматтык ресурстарын электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына жана Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү чечимдеринин каталогуна жайгаштыруу | Маалыматтарды алуу, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерине чектөөлөрдү башкаруу үчүн мамлекеттик органдар иштеп чыккан маалыматтык ресурстар мамлекеттик порталга жана Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү чечимдеринин каталогуна жайгаштырылган | Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), СӨМ | 2021-жылдын 1-октябрына чейин | Республикалык бюджет |
4 | Финансылык технологиялар чөйрөсүндө (финтех-стартаптар), анын ичинде атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында инновацияларды киргизүү жана өнүктүрүү үчүн жагымдуу ченемдик укуктук базаны түзүү | Атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында финансылык технологиялар чөйрөсүндө инновацияларды тестирлөө мүмкүндүгү боюнча маалыматтык иш- чараларды жүргүзүү | Банктык кызматтарды көрсөтүүчү санариптик каналдарды камсыз кылуучу финансы рыногунун өкүлдөрүнүн саны көбөйтүлдү | КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2021-жылдын 31-декабрына чейин | КРУБ каражаттары |
5 | Калктын банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн альтернативдүү түрлөрүнө жеткиликтүүлүгүн жана экономиканы кредиттөөнүн ресурстук базасын жогорулатуу үчүн банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерин өнүктүрүү | Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жолу менен ислам банктарын жана банктарда ислам терезелерин ачууга көмөк көрсөтүү | Өлкөдө каржылоонун ислам принциптерин өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн ченемдик укуктук актылар бекитилген | КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2021-жылдын 31-декабрына чейин | КРУБ каражаттары |
6 | Төлөмдөрдү накталай эмес формада, анын ичинде QR-кодду колдонуу аркылуу ишке ашыруу мүмкүндүгү менен мобилдик банкингдин тиркемесин киргизүү, ошондой эле банк продуктуларына жетүүнү жакшыртуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү | 1. Төлөмдөрдү накталай эмес формада, анын ичинде QR-кодду колдонуу аркылуу ишке ашыруу мүмкүндүгү менен мобилдик банкингдин тиркемелерин киргизүүнү жана өнүктүрүүнү координациялоо жана мониторинг жүргүзүү. 2. Банк продуктуларына жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү | Төлөмдөрдү накталай эмес формада, анын ичинде QR-кодду колдонуу аркылуу ишке ашыруу мүмкүндүгү менен мобилдик банкингдин тиркемелеринин болушу, ошондой эле банк продуктуларына жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн спектри кеңейтилген | КРУБ (макулдашуу боюнча), коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча), "БАПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча) | 2021-жылдын 31-декабрына чейин | Жеке каржылоону тартуу менен КРУБ каражаттары |
7 | Онлайн-кредиттөөгө багытталган кредиттик продуктуларды киргизүү | Онлайн-кредиттөөнү ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү | Онлайн-кредиттөөнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн ченемдик укуктук актылар бекитилген | КРУБ (макулдашуу боюнча), коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдар | 2021-жылдын 31-декабрына чейин | Жеке каржылоону тартуу менен КРУБ каражаттары |
8 | Контактсыз интерфейс боюнча контактсыз карталарды чыгарууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык перифериялык түзүлүштөрдө ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын контактсыз карталарын бардык жерлерде кабыл алууну жана тейлөөнү камсыз кылуу | 1. Контактсыз интерфейс боюнча контактсыз карталарды чыгарууну координациялоо жана мониторингдөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык перифериялык түзүлүштөрдө ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын контактсыз карталарын бардык жерлерде кабыл алууну жана тейлөөнү камсыз кылуу. 2. Белгиленген процессте коммерциялык банктарга жана "БАПБ" ЖАК көмөк көрсөтүү (зарыл болгон учурда) | Контактсыз интерфейс боюнча контактсыз карталарды чыгаруу, ошондой эле ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын контактсыз карталарын кабыл алууга жана тейлөөгө түзүлүштөрдү жөндөө мүмкүнчүлүгү | КРУБ (макулдашуу боюнча), коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча), "БАПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча) | 2021-жылдын 31-декабрына чейин | Жеке каржылоону тартуу менен КРУБ каражаттары |
9 | Функциялык шайкештикти (интерперабелдүүлүк) камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында электрондук акчалардын бирдиктүү экосистемасын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүргүзгөн электрондук акчалар менен эсептешүү системаларынын операторлору менен биргеликте электрондук акчалар менен эсептешүүнүн өздүк системаларын өз ара интеграциялоо | Эки тараптуу негизде электрондук акчалар менен эсептешүү системаларын өз ара интеграциялоо процессин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү. Зарыл болгон учурда белгиленген процессте электрондук акчалар менен эсептешүү системаларынын операторлоруна көмөк көрсөтүү | Электрондук акчалар менен эсептешүү системаларынын функциялык шайкештиги ишке ашырылган | КРУБ (макулдашуу боюнча), электрондук акчалар менен эсептешүү системаларынын операторлору (макулдашуу боюнча), коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | 2021-жылдын 31-декабрына чейин | Жеке каржылоону тартуу менен КРУБ каражаттары |
10 | Региондордо банктык жана төлөм инфратүзүмүн кеңейтүү | Региондордо калк жана бизнес үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу | Региондордо банк жабдууларынын саны көбөйтүлгөн | КРУБ (макулдашуу боюнча), коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | 2021-жылдын 31-декабрына чейин | Жеке каржылоону тартуу менен КРУБ каражаттары |
11 | Кыргыз Республикасында өз ара кредиттөөнү (Р2Р-кредиттөө) киргизүү мүмкүндүгү жөнүндө маселени кароо | Зайымчылар үчүн каржылоого жеткиликтүүлүктү жогорулатуу | Кредиттөөнүн көлөмү көбөйтүлгөн | КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2021-жылдын 31-декабрына чейин | КРУБ каражаттары |
12 | Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен биргеликте экономиканын артыкчылыктуу секторлорун өнүктүрүү үчүн кластердик продуктуларды ишке ашырууну активдештирүү | - Кластердик саясатты өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, аны ишке ашырууга багытталган чаралардын системасын, ошондой эле кластерлерди түзүүнү жана анын иштешин жөнгө салуучу башка документтерди аныктоочу ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу; - региондордо жеткиликтүү каржылоону кеңейтүү | Экономиканын артыкчылыктуу секторлорунда кластерлер түзүлгөн | АСЧАӨМ, ЭӨМ, ЭФМ, РКӨФ (макулдашуу боюнча) | 2021-жылдын 31-декабрына чейин | Республикалык бюджет, РКӨФ бюджети |
13 | Камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасында камсыздандыруунун альтернативдүү түрлөрүн киргизүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу | Электрондук камсыздандырууну киргизүүнү караган "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү | Ченемдик укуктук актынын долбоору даярдалган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна жиберилген | ЭФМ караштуу Финкөзөмөл | 2021-жылдын 1-октябрына чейин | Республикалык бюджет |
Кыскартуулардын тизмеси
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
ЭФМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги |
АСЧАӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги |
ЭӨЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ЭФМ караштуу Финкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
РКӨФ | - | Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду |
"БАПБ" ЖАК | - | "Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коому |