КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
БУЙРУК
2021-жылдын 15-июну № 42-б
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында:
1. 1973-жылдын 18-майындагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга (1999-жылдын 26-июнундагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун редакциясына) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги аталган Конвенцияны ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | У.Марипов |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 42-б буйругу менен жактырылган |
1973-жылдын 18-майындагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга (1999-жылдын 26-июнундагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун редакциясына) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга (мындан ары - Конвенция) 1973-жылы Киото шаарында кол коюлган. 1999-жылы Брюсселде Дүйнөлүк бажы уюму тарабынан Конвенциянын жаңы редакциясы жактырылып, ал 2006-жылдын 3-февралында күчүнө кирген.
Конвенция бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жаатында негизги бажы документи болуп саналат жана бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча бирдиктүү ыкмаларды киргизүү жолу менен тышкы соода ишине дем берүүгө, ошондой эле бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө багытталган.
Документ Конвенциянын негизги текстинен, кошулуу үчүн милдеттүү болгон Башкы тиркемеден жана Атайын тиркемелерден турат.
Конвенциянын 12-беренесине ылайык Конвенциянын бардык макулдашуучу тараптары Башкы тиркеменин милдеттүү экендигин макулдашат. Ошону менен бирге макулдашуучу тарап өзүнүн каалоосу боюнча Атайын тиркемелердин бирин же бир нечесин милдеттүү катары кабыл алышат.
Азыркы учурда 120 мамлекет Конвенциянын Макулдашуучу Тараптары болуп саналат. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин арасынан Армения Республикасы (19.07.2013-ж.), Беларусь Республикасы (10.01.2011-ж.), Казакстан Республикасы (19.06.2009-ж.) жана Россия Федерациясы (04.04.2011-ж.) Конвенцияга кошулган.
Башкы тиркеменин жоболорун Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин жана "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна салыштырууда алардын ортосунда концептуалдык айырмалар жок экендигин белгилеп кетүү керек. Башкы тиркемеде берилген негизги принциптер Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде жана "Техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында чагылдырылган.
Кыргыз Республикасынын Конвенцияга жана анын Башкы тиркемесине кошулуусу менен Башкы тиркеменин Стандарттарын эске алып, бажы органдарынын аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу, декларациялоо маселелери бөлүгүндө бажы иштер чөйрөсүндө иш-чаралардын ишке ашырылышы талап кылынат. Бул иш-чаралар ишке ашыруу стадиясында тургандыгын белгилей кетүү керек.
Ошентип, Конвенцияга кошулуу Кыргыз Республикасына бажылык жөнгө салууну өркүндөтүүгө, анын ичинде бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө, бажылык контролдоонун заманбап методдорун колдонууга, маалыматтык технологияларды максималдуу түрдө кеңири колдонууга, ошондой эле практикада тийиштүү эл аралык стандарттардын сакталышын камсыз кылууга жана даттануу жол-жоболоруна тоскоолдуксуз жетүүгө мүмкүндүк берет.
Жогоруда жазылгандарды көңүлгө алып, Конвенция эл аралык стандарт болуп саналгандыгын, ага ылайык дүйнөдөгү бажы администрацияларынын көпчүлүгү улуттук бажы мыйзамдарын иштеп чыгып жаткандыгын, анда товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын жүргүзүү жаатында заманбап принциптерди жана практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырууга тийиштүү милдеттүү жоболор камтылгандыгын эске алып, бажылык жөнгө салууну өркүндөтүүнү камсыз кылуу максатында Конвенциянын Атайын тиркемелери боюнча милдеттенмелерди кабыл алуусуз Конвенцияга кошулуу сунушталууда.
Конвенция Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Жогоруда жазылгандар менен катар эле, Конвенцияга кошулуу кандайдыр бир терс социалдык, финансы-экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик жана экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Конвенциянын күчүнө кирүүсүнүн алкагында иш-чаралар республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.