Редакцияот 08.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 8-майы ПБ № 75

1. Кыргыз Республикасы менен Антигуа жана Барбуданын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Төрага

У.А. Марипов

 

Кыргыз Республикасы менен Антигуа жана Барбуданын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө БИРГЕЛЕШКЕН КОММЮНИКЕ

Кыргыз Республикасы менен Антигуа жана Барбуда, эки мамлекеттин ортосундагы достукту жана кызматташууну бекемдөөгө жана өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшүүнү каалап,

Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, тактап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту, мамлекеттер ортосундагы теңдикти урматтоону жана бекемдөөнү, улуттук эгемендикке жана аймактык бүтүндүккө, көз карандысыздыкка талаптагыдай сый-урмат менен мамиле кылууну, мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнүн эл аралык келишимдерин жетекчиликке алып,

1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын, 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде бул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кире турган дипломатиялык байланыштарды түзүүнү чечишти.

Ушуну ырастоо менен, тийиштүү деңгээлде тийиштүү мамлекеттер ыйгарым укук берген төмөндө кол койгон өкүлдөр кыргыз жана англис тилдериндеги эки нускадагы Биргелешкен коммюникеге кол коюшту, анын бардык тексттери бирдей күчкө ээ.

Ушул Биргелешкен коммюникенин жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.

 

Лондон шаарында 2021-жылдын "___"-____________ түзүлдү.

 

Кыргыз Республикасы үчүн

 

Антигуа жана Барбуда үчүн

________________________

 

________________________