Редакцияот 23.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2021-жылдын 23-июну № 188

Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы кызматташууну мындан ары кеңейтүү максатында:

1.      Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы кызматташууну мындан ары кеңейтүү боюнча 2021-2023-жылдарга практикалык чараларын (жолкартасынын) планынын (мындан ары – Практикалык чараларын (жол картасынын) планы долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2.      Ведомстволор аралык эксперттик топ эки айлык мөөнөттө:

-          Кыргыз таратын эмират тарап мененкызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарына талдоо жүргүзүлсүн;

-          Жүргүзүлгөн талдоонун алкагында аныкталган кыргыз тараптын эмират тарап менен кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен Практикалык чаралардын (жол картасынын) планынын долбоорун тштеп чыксын.

3.      Ведомстволор аралык эксперттик топ мамлекеттик органдардын кызматкеллерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.

4.      Министрликтердин, мамлекеттик комитеттерин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялар жана жергилктүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ведомстволор аралык эксперттик топтун суроосу боюнча зарыл болгон маалыматтарды беришсин жана анын ишине көмөк көрсөтүшсүн.

5.       Ведомстволор аралык эксперттик топтун ишин уюштуруучулук-техникалык жана методикалык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине жүктөлсүн.

6.      Бул тескеменин аткарылышын  контролдоо Кыргыз Республикасынын Президлентинин Администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Төрага

У.А. Марипов

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы кызматташууну мындан ары кеңейтүү боюнча 2021-2023-жылдарга практикалык чаралардын (жол картасынын) планынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун курамы

Марипов Улукбек Асамидинович

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, ведомстволор аралык эксперттик топтун жетекчиси;

Иманалиев Данияр Шаршенбекович

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрининбиринчи орун басары, ведомстволор аралык эксперттик топтун жетекчисинин орун басары.

Ведомстволор араылк эксперттик топтун мүчөлөрү:

Байгончоков Мирланбек Конушбекович

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары;

Темиралиев Умбриэль Темиралиевич

-

Кыргыз Республикасынын инвестициялар министринин орун басары;

Артыкбаев Айбек Мухтарович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Марсбек уулу Илич

-

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары;

Дегенбаев Бакыт Кудусович

-

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;

Джангазиев Бакыт Ишенович

-

Кыргыз Республикасынын саламаттыксактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;

Кайынбаев Нурланбек Бектенбекович

-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациалар министринин орун басары;

Омуров Нурлан Кубатович

-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;

Аширбеков Талгат Аширбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Тультемиров Адыл Жыргалбекович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн кеңешчиси, ведомстволор аралык эксперттик топтунжетекчисинин жардамчысы.