Редакцияот 06.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 6-июлу № 82-т

 

Кыргыз Республикасынын калкына акысыз гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кытай Эл Республикасынан 1 150 (бир миң бир жуз элуу) тонна өлчөмүндөгү буудай уну, 75 (жетимиш беш) тонна өлчөмүндөгү кумшекер, 50 (элуу) тонна өлчөмүндөгү соя майы түрүндөгү расмий гуманитардык жардамды алуучу болуп аныкталсын.

2. Kыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими чыкканга чейин белгиленген тартипте:

- Кытай Эл Республикасынан расмий гуманитардык жардам иретинде келүүчү 1 150 (бир миң бир жуз элуу) тонна өлчөмүндөгү буудай унун, 75 (жетимиш беш) тонна өлчөмүндөгү кумшекерди, 50 (элуу) тонна өлчөмүндөгү соя майын кабыл алсын жана сактоого жайгаштырсын;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 2021-жылга каралган каражаттардан вагондорду түшүрүү, ташуу, топтоо, сактоо, жүктөө, берүү жана алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жана расмий гуманитардык жардамдын келишине жана кабыл алууга байланышкан башка чыгымдарды төлөсүн.

3 «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондун вагондор токтоп калган учурда айыптык санкциялардан бошотуу менен түшүрүлүүчү гуманитардык жүгү бар вагондорду ыкчам берүүнү камсыз кылсын.

Бул тескеменин аткадылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясьнын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Төрага

У.А.Марипов