Редакцияот 06.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТЕСКЕМЕ

 2021-жылдын 6-июлу № 83-т

1.    Расмий тилде (расмий эмес котрмо) тиркелген төмөнкүлөр жактырылсын:

- «Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа» долбоору боюнча эл аралык келишимди түзүүчү Япониянын

Өкмөтүнүн нотасына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жооп нотасынын долбоору;

- “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнчааа стипендиялык программа” долбоору боюнча Кыргыз Республиукасынын Министрлер Кабинети

менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агентигинин (JICA) ортосундагы гранттык макулдашуунун долбоору.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – экономика жана финансы – экономика жана

финансы министрлигине ушул тескеменин 1-пунктунда аталган жооп нотанын жана Гранттык макулдашуунун долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолрду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

У.Марипов