Редакцияот 12.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТЕСКЕМЕ

 2021-жылдын 12-июлу № 92-т

1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө гранттык макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министрине жогоруда аталган Каржылоо жөнүндө гранттык макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Төрага

У. А. Марипов