КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 9-июлу № 89-т
1. Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министрине жогоруда аталган Кредиттик макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Төрага | У.А.Марипов |