Редакцияот 25.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2021-жылдын 25-июну № 63-т

Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети менен Түркмөнстандын Айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.

 

Төрага

 

У.Марипов

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети менен Түркмөнстандын Айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети жана Түркмөнстандын Айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги,

айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү, ошондой эле жаратылыш ресурстарын жана айлана-чөйрөнү башкарууда адамдык потенциалды жогорулатуу жаатында тең укуктуулук жана өз ара пайда принциптеринин негизинде кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүдө өз ара кызыкчылыкты көңүлгө алуу менен,

айлана-чөйрөнү натыйжалуу коргоо эки тараптуу жана көп тараптуу негизде кызматташууну жөнгө салууну талап кыларын жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш жергиликтүү, улуттук жана региондук деңгээлдерде жүргүзүлүүгө тийиш экендигин таануу менен,

айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү жаатында Тараптар ортосундагы кызматташуу мындан ары эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзөт деген ишенимди билдирүү менен, жана

Борбордук Азияда туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүп,

төмөнкүлөр тууралуу өз ара түшүнүүгө келдик:

1-берене.

Ушул Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети менен Түркмөнстандын Айыл чарба жана айлана-турган чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун (мындан ары - Меморандум) максаты тараптардын кызыкчылыктарын эске алуунун, тең укуктуулуктун жана өз ара пайданын негизинде айлана-чөйрөнү коргоо жаатында узак мөөнөттүү кызматташууну өнүктүрүү жана көмөк көрсөтүү, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жаатында маалымат, технология жана тажрыйба алмашуу жана өз ара кызыкчылыкты билдирүүчү чөйрөлөрдө биргелешкен ишти жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

2-берене.

Кызматташуу төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:

- өзгөчө корголуучу аймактарды башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу;

- биологиялык түрдүүлүктү сактоо;

- айлана-чөйрөгө таасир этүүнү баалоо;

- калдыктарды башкаруу;

- климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү;

- жерлердин деградациясына каршы күрөшүү;

- абанын жана суунун сапатына мониторинг жүргүзүү.

Кызматташуу төмөнкүдөй формаларда жүргүзүлүшү мүмкүн:

- биргелешкен семинарларды, конференцияларды жана жолугушууларды уюштуруу;

- айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эксперттердин жана окумуштуулардын ортосунда иш-сапарлар;

- Тараптардын айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү адистеринин квалификациясын жогорулатуу;

- айлана-чөйрөнүн ар кандай жааттарында маалымат жана материалдар менен алмашуу;

- Бириккен Улуттар Уюмдарынын эл аралык жаратылышты коргоо конвенциялары боюнча өлкөлөрдүн милдеттенмелерин аткаруу боюнча тажрыйба алмашуу;

- Тараптардын эки өлкөдө өткөрүлгөн региондук жана эл аралык конференцияларга, семинарларга, форумдарга катышуусу;

- Тараптар максатка ылайыктуу деп тааный турган бардык башка тармактар.

3-берене.

Бул Меморандум Тараптардын мамлекеттери катышкан башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптардын укуктарына жана милдеттенмелерине таасир этпейт.

Ушул Меморандумдун алкагында кызматташуу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

4-берене.

Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Меморандумга анын ажырагыс бөлүгү болгон өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

5-берене.

Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар аларды консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.

6-берене.

Бул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жыл ичинде колдонулат.

Эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка ушул Меморандумду бузуу ниети жөнүндө анын мөөнөтү бүткөнгө чейин кеминде алты ай мурун жазуу жүзүңдө кабарлабаса, ушул Меморандум кийинки ушундай мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.

Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, ушул Меморандумду колдонуунун токтотулушу же мөөнөтүнүн аякташы ушул Меморандумдун алкагында биргелешкен иштерди аяктоого таасирин тийгизбөөгө тийиш.

 

2021-жылдын "___" ____________ ________________ шаарында, эки түп нускада, ар бири кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.

Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.

 

Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети үчүн

 

Түркмөнстандын Айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги үчүн

________________________________

 

________________________________