Редакцияот 17.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

БУЙРУК

2021-жылдын 17-майы № 25

Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 10-июнундагы № 140 буйругунун редакциясына ылайык)

 

“Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65¹-статьясына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майы № 7 “Убактылуу сырткы башкаруучуну дайындоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Убактылуу сырткы башкаруучуну дайындоо тартибинин 3-пунктуна ылайык Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу “Кумтөр Голд компаниясы” жабык акционердик коомунун убактылуу сырткы башкаруучусу болуп дайындалсын.

            Негиз: Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун сунушу

 

 

Төрага

 

У.Марипов