КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧЕСИ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 3-августу № 377
Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын ишине байланышкан кырдаалды изилдөө жана тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык эксперттик комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Абышев Кылычбек Асаналиевич | - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын төрагасы; |
Таалайбеков Майрамбек Таалайбекович | - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын инспектору, ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын мүчөлөрү:
Сейтказиев Марат Равильевич | - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын улук прокурору; |
Керимкулов Ильяс Мухтарович | - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн начальнигинин орун басары; |
Кыдырбаев Нарисбек Джумалиевич | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын бөлүмүнүн начальниги; |
Замирбек кызы Жанара | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын начальниги |
Тыналиев Канатбек Казакбаевич | - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын текшерүүлөр башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги; |
Жумакеев Азамат Бердалиевич | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы; |
Календерова Эльнура Аметовна | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин медициналык билим берүү жана илим секторунун башчысы, профсоюздук комитеттин төрагасы; |
Жусупов Нурмухамед Усенакунович | - Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун эсепке алуу жана реестр башкармалыгынын начальниги; |
Бугубаев Замир Айдаралиевич | - Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мүлктүк мамилелер башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу; |
Жакеев Тынчтыкбек Усупбаевич | - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин ченемдик укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Ибраимова Тамара Филипповна | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонддун коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери; |
Таштанов Болот Таштанович | - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактардын өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин бөлүмүнүн башкы адиси; |
Абдракманов Кубат Садырбекович | - Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын аппарат жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Осмонов Канат Досбаевич | - Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары (макулдашуу боюнча); |
Абдыкалыкова Акмарал Мамановна | - Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын укуктук бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Маметов Асхат Акматович | - Профсоюздук активист (макулдашуу боюнча); |
Исаков Эсенгул Байдалиевич | - коомдук ишмер, «Элдик көзөмөл» КБ мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Талиева Камила Абдыразаковна | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |
2. Ведомстволор аралык эксперттик комиссия 2021-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын ишинин тегерегинде талаш кырдаалдын пайда болушуна өбөлгө түзгөн жагдайларды андан ары аларды чечүү боюнча сунуштамаларды даярдоо менен изилдесин.
3. Ведомстволор аралык эксперттик комиссияга белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укук берилсин:
- мамлекеттик органдардын жана уюмдардын эксперттерин, консультанттарын, адистерин ишке тартууга;
- коюлган милдеттерди ишке ашырууда мамлекеттик органдардан материалдарды суроого жана жардам алууга.
4. Ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын ишин уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
С.С. Касмамбетов |