КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 26-августу ПТ № 148
Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасын жана пробация институтун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Пробация органынын кызматкеринин күнүнө байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен төмөнкүлөр сыйлансын:
Джакишев Толубай Рустамович - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча региондор аралык башкармалыктын Октябрь району боюнча башкы адиси;
Романов Руслан Жеенбаевич – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директорунун орун басары Калматов Данияр Алпайизовичке алкыш жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |