Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН
БУЙРУК
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-апрели № 186-т буйрукка ылайык
2021-жылдын 16-августу № 145-т
Менчикти коргоонун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылуу, экономиканын туруктуу өсүшүнө дем берүү, ишкердик субъекттердин экономикалык ишине мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүнө жол бербөө, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкер чөйрөсүн түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча):
- белгиленген мөөнөттөрдө Планды аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- Пландын аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине ар бир айдын 5ине чейин берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына ар бир айдын 15ине чейин берип турсун.
4. Пландын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
| У. А. Марипов |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Каржылоо булактары | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү |
1 | Ишкердик субъекттердин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсүн, ишкердик ишке тоскоолдук кылуусун жана менчик ээлеринин мыйзамдуу укуктарын, анын ичинде келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгынан же аткарууга мүмкүн эместигинен улам бузуусун токтотуу | Мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан пландуу текшерүүлөрдү бириктирилген ыкма менен жүргүзүү бөлүгүндө "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү | "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди | Республикалык бюджеттин чегинде | ЭФМ | 2021-жылдын 1-декабры |
Чарбакер субъекттердин ортосунда пайда болгон экономикалык талаштар боюнча жазык жоопкерчилигине тартуу жана сотко чейинки жазык өндүрүшүн алып салуу аркылуу; жазык сот өндүрүшүн баштоо үчүн салык мыйзамдарын бузуу фактыларын тастыктаган фискалдык органдардын күчүнө кирген чечимдеринин милдеттүү болушун караштырган өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине жана Жоруктар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу; Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган "башка текшерүүчү иш-аракеттерди жүргүзүүнү талап кылууга" тергөөчүнүн мүмкүнчүлүгүн алып салуу аркылуу; сот жана укук коргоо органдарынын мыйзамсыз жана негизсиз аракеттеринен ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону караштырган жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду (түзөтүүлөрдү) киргизүү | Кыргыз Республикасынын жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор (түзөтүүлөр) киргизилди | Республикалык бюджеттин чегинде | ЭФМ, ЮМ | 2021-жылдын 1-декабры | ||
Инвесторлор менен мамлекеттик органдардын ортосундагы талаштарды көз карандысыз арбитраж (бейтарап сот) аркылуу чечүү механизмин киргизүү | Инвесторлор менен мамлекеттик органдардын ортосундагы талаш-тартыштарды көз карандысыз арбитраж (бейтарап сот) аркылуу чечүү механизми киргизилди |
| ИМ | 2021-жылдын 1-декабры | ||
- салыктык талаштарды чечүүнүн, административдик актыларга, фискалдык органдардын аракеттерине же аракетсиздигине даттануунун альтернативдүү механизмдерин караштырган ченемди киргизүү маселесин иштеп чыгуу; - ушул чөйрөдөгү алдыңкы эл аралык тажрыйбага окшоштуруп аралыктан контролдоого өтүү менен пландуу жана пландан тышкары салыктык текшерүүлөрдү кыскартуу маселесин иштеп чыгуу; - салык төлөөчүнүн рейтинги системасын киргизүү маселесин иштеп чыгуу | Көрсөтүлгөн чараларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоору иштелип чыкты | Республикалык бюджеттин чегинде | ЭФМ | 2021-жылдын 1-декабры | ||
ТЭИнин катышуучуларын тобокелдик деңгээли (төмөнкү, орто, жогорку) боюнча категориялоонун автоматташтырылган системасын киргизүү, ал бажы органдарынын кызмат адамдарынын катышуусуз мезгил-мезгили менен мурда берилген тобокелдик критерийлеринин негизинде тобокелдик деңгээли боюнча ТЭИнин катышуучуларын категориялап (бөлүштүрүп) турат | Тышкы экономикалык иштин катышуучуларын категорияга бөлүүнүн автоматташтырылган системасы киргизилди | Республикалык бюджеттин жана донордук каражаттардын чегинде | ЭФМ | 2022-жылдын 1-июну (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-апрели № 186-т) | ||
2 | Инвестициялык объекттердин ишинин жана инвесторлордун мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу | Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети түзгөн инвестициялык макулдашууларды, ошондой эле мамлекеттик уюмдар жарандык укук мамилелердин субъекттери болуп чыккан бардык бүтүмдөрдү текшерүүнү жана кайра карап чыгууну демилгелөөгө тыюу салуучу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | Мамлекеттик мүлк маселелери боюнча тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыгып, ошондой эле текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилди | Республикалык бюджеттин чегинде | ЭФМ, ИМ, ЮМ | 2021-жылдын 1-декабры |
Улутташтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декреттери боюнча талаш мамилелерди сот тартибинде чечүүнү аныктаган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декреттери боюнча талаш мамилелерди чечүү бөлүгүндө тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыкты | |||||
3 | Тергөөгө караштуулугун башка укук коргоо органдарына өткөрүп берүү укугусуз "экономикалык кылмыштар боюнча бир тергөө органы" принцибин киргизүү | Тергөөгө караштуулугун башка укук коргоо органдарына өткөрүп берүү укугусуз "экономикалык кылмыштар боюнча бир тергөө органы" принцибин киргизүү жөнүндө тийиштүү өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине киргизүү | Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди | Республикалык бюджеттин чегинде | Башкы прокуратура | 2021-жылдын 30-декабры |
4 | Жазуу жүзүндө түзүлгөн жана сот тарабынан жараксыз, жалган же жасалма деп таанылбаган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү аткарбоого же талаптагыдай аткарбоого негизделген укук бузуулар жөнүндө ишкерлерге карата арыздарды жана билдирүүлөрдү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттабастан алдын ала текшерүү механизмин киргизүү | Ишкерлерге карата арыздарды жана билдирүүлөрдү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттабай туруп, алдын ала текшерүү механизмин киргизүү жөнүндө тийиштүү өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине киргизүү | Тиешелүү өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине киргизилди | Республикалык бюджеттин чегинде | Башкы прокуратура | 2021-жылдын 30-декабры |
5 | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана бизнес-коомчулуктун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна ишкердик субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишенимдүү коргоону камсыз кылуу, ишкердик субъекттеринин доо-арыздарын кароонун мөөнөттөрүн тездетүү боюнча сот органдарынын ролун жана ишинин натыйжалуулугун, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири киргизүү жолу менен мындан ары көтөрүү боюнча мыйзам долбоорлорунун пакетин киргизүү | 1) Инвестор менен бизнестин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүнү караштырган "Бизнестин укук коргоо жана сот органдары менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу; 2) текшерүүлөргө чектөө киргизүүнү жана Кыргыз Республикасынын сот органдарында, ошондой эле эл аралык соттордо жана арбитраждарда талаштарды чечүүнү караштырган "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун коргоо боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (МЖӨ) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | "Бизнестин укук коргоо жана сот органдары менен өз ара аракеттенүү маселеси боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы иштелип чыкты "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун коргоо боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (МЖӨ) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы иштелип чыкты | Республикалык бюджеттин чегинде | ЭФМ, ЮМ | 2021-жылдын 31-декабры |
6 | Экономикалык кылмыштарды жана жоруктарды декриминалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорлорунун пакетин, ошондой эле экономикалык кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонууга тыюу салган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү | Экономикалык иштер боюнча бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну жокко чыгаруу аркылуу; экономикалык гана кылмыштарды жасаган ишкердик субъекттерди (уюштуруучуларды (катышуучуларды), жетекчилерди жана башка кызмат адамдарын) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин башка беренелери менен классификацияланган, криминалдык мүнөздөгү кылмыштарды жасаган адамдар жана уюшулган кылмыш топторунун мүчөлөрү менен бир катарда турган жазык жоопкерчилигине тартууну жокко чыгаруу аркылуу; ишкердик субъекттердин уюштуруучуларын (катышуучуларын) жетекчилерин жана кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренеси боюнча жазык жоопкерчилигине тартууну жокко чыгаруу (же ушул берененин алкагында бөлүштүрүү) аркылуу; Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү | Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди | Республикалык бюджеттин чегинде | ЭФМ, ЮМ, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча)
ЮМ, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | 2021-жылдын 1-сентябры |
7 | Укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын жана алардын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугунун сандык индикаторлорун колдонууну жокко чыгаруу, ишкерлерди жана алардын жеке менчигин колдоого жана коргоого багытталган ишинин натыйжалуулугун баалоонун жаңы механизмин эки айлык мөөнөттө киргизүү | Ишкерлерди жана алардын жеке менчигин колдоого жана коргоого багытталган укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын жана алардын кызматкерлеринин натыйжалуулугун баалоонун жаңы механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү | Натыйжалуулукту баалоо механизмин караштырган ишкердикти жана инвесторлорду коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты | Республикалык бюджеттин чегинде | ЭФМ | 2021-жылдын 1-сентябры |
8 | Ишкердик чөйрөнү жакшыртууга, анын ичинде ишкердик ишке мамлекеттин кийлигишүүсүн кыйла азайтууга багытталган "акылдуу жөнгө салуу" принцибин жана жөнгө салуучу "кум сааты" механизмин колдонуп жөнгө салуу реформасын жүргүзүү | Мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык эксперттик топту түзүүнү жана ушул топтун иш регламентин бекитүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун иш регламенти бекитилди | Республикалык бюджеттин чегинде | ЭФМ, ЮМ | 2021-жылдын 30-декабры |
"Ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуунун алкагында жөнгө салуучу "кум сааты" механизмин караштыруу | "Ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жаңы редакцияда иштелип чыгып, жөнгө салуучу "кум сааты" механизми караштырылды | Республикалык бюджеттин чегинде | ЮМ | 2021-жылдын 30-декабры | ||
9 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын потенциалын бекемдөө жана техникалык жабдуусун күчөтүү, ошондой эле экономикалык кылмыштар боюнча соттук экспертизаны жүргүзүү мөөнөтүн кыскартуу | Соттук экспертиза жүргүзүү жол-жоболорун оптималдаштыруу бөлүгүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | Соттук экспертиза жүргүзүүнүн ченемдик укуктук базасы өркүндөтүлдү | Республикалык бюджеттин жана донордук каражаттардын чегинде | ЮМ | 2021-жылдын 31-декабры |
Соттук экспертизаны дайындоо маселелери боюнча мыйзамдарды колдонуу практикасына талдоо жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун тиешелүү токтомун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна сунуш киргизүү | Соттук экспертизаны дайындоо маселелери боюнча мыйзамдарды колдонуу практикасына талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун тиешелүү токтомун кабыл алуу жөнүндө сунуштар киргизилди |
| ||||
Соттук-эксперттик ишти автоматташтыруу үчүн "Эксперт" автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгуу | Соттук-эксперттик ишти автоматташтыруу үчүн тийиштүү автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыгып, колдонууга киргизилди | ЮМ, ЭФМ, СӨМ | ||||
Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын адистеринин штаттык санын жана эмгек акы төлөө шарттарын талдоо | Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын эксперттеринин штаттык санына жана эмгекке акы төлөө шарттарына талдоо жүргүзүүнү караштырган тийиштүү чечим кабыл алынды | ЮМ, ЭФМ | ||||
Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын материалдык-техникалык жабдылышын жакшыртуу | Эксперттин ишин жүргүзүү үчүн Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын материалдык-техникалык жабдуулары жакшыртылды | ЮМ, ЭФМ | ||||
10 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн олуттуу бөлүгүн автоматташтырылган форматка өткөрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бизнес-процесстерин оптималдаштыруу жана мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын жана административдик регламенттеринин керексиз жол-жоболорун жана ишкерлерден документтерди талап кылууну жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттык жана административдик регламенттеринин актуалдуулугу жана аларды "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик (муниципалдык) органдардын санариптик өз ара аракеттенүүсү аркылуу электрондук форматка өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча инвентаризация жүргүзүү | Актуалдаштыруу жана санариптик өз ара аракеттенүү аркылуу электрондук форматка өткөрүү мүмкүндүгүнө инвентаризация жүргүзүлдү | Республикалык бюджеттин чегинде | ЭФМ, СӨМ | 2021-жылдын 1-сентябры |
"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик (муниципалдык) органдардын санариптик өз ара аракеттенүүсү аркылуу аларды электрондук форматка өткөрүү үчүн стандарттарды жана административдик регламенттерди инвентаризациялоонун жыйынтыктарын чыгаруу, керексиз жол-жоболорду четтетүү жана ишкерлерден документтерди талап кылууну жокко чыгаруу | Керексиз жол-жоболорду жана ишкерлерден документтерди талап кылууну оптималдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлдү | |||||
Автоматташтырууга жатпаган же актуалдуулугун жоготкон кагаз форматындагы маалым каттарды жана документтерди ченемдик укуктук актылардан, стандарттардан, регламенттерден жана локалдык актылардан чыгарып салуу | Административдик жол-жоболорго инвентаризация жүргүзүлдү жана автоматташтырууга жатпаган же актуалдуулугун жоготкон маалым каттар жана документтер ченемдик укуктук актылардан, стандарттардан, регламенттерден жана локалдуу актылардан чыгарып салынды | |||||
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна жыйынтыктарды жиберүү | Ведомстволор аралык комиссиянын чечими кабыл алынды | |||||
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бөлүгүн аутсорсингге өткөрүп берүү методикасын иштеп чыгуу | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бөлүгүн аутсорсингге өткөрүп берүү боюнча тийиштүү методика иштелип чыкты | Республикалык бюджеттин чегинде | Кызыкдар мамлекеттик органдар | 2021-жылдын 1-сентябры | ||
Колдонуудагы маалыматтык порталдарды интеграциялоо менен "калкка/бизнеске кызмат көрсөтүү" бөлүмүн Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында ачууну кароо | "Калкка/бизнеске кызмат көрсөтүү" бөлүмү ачылды | Республикалык бюджеттин чегинде | СӨМ | 2021-жылдын 1-сентябры | ||
11 | Лицензияларды жана уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча Бирдиктүү электрондук порталды түзүү, лицензияларды жана уруксаттарды берүүнүн автоматташтырылган системасын камсыз кылуу. Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу аны Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына интеграциялоо | Уруксат берүүчү документтердин инвентаризациясын жүргүзүү жана анын тизмегин аныктоо | Инвентаризация жүргүзүлүп, уруксат кагаздарынын тизмеси аныкталды | Республикалык бюджеттин чегинде | ЭФМ, СӨМ | 2021-жылдын 31-декабры |
"Гильотина" принцибин колдонуу менен Кыргыз Республикасында уруксат берүүчү документтердин толук тизмегин түзүү | Уруксат берүүчү документтердин толук тизмеси түзүлдү | 2021-жылдын 31-декабры | ||||
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында, уруксат берүүчү документтердин бирдиктүү электрондук реестри менен интеграцияланган "Бизнеске кызмат көрсөтүү" бөлүмүн кароо | Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында "бизнеске кызмат көрсөтүүлөр" бөлүмү каралган | Республикалык бюджеттин жана донордук каражаттардын чегинде | СӨМ | 2021-жылдын 31-декабры | ||
Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган ЕАЭБ товарларынын бирдиктүү тизмегине киргизилген өзгөчө товарлардын импортуна/экспортуна лицензияларды берүүнү автоматташтыруу | Өзгөчө товарларды ташып импорттоого/экспорттоого лицензия берүү автоматташтырылды | Республикалык бюджеттин жана донордук каражаттардын чегинде | ЭФМ | 2021-жылдын 1-сентябры | ||
12 | Салык органдарынын салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сервистик моделине өтүүсүн камсыз кылуу, негизги бизнес-процесстерди санариптештирүү жолу менен салыктык администрациялоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана салык органдарынын кызматкерлеринин салык төлөөчүлөр менен байланышын толук жоюу | Салык декларациясынын бирдиктүү формасын жана аны толтуруу тартибин жөнөкөйлөтүү | Салык төлөөчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн Бирдиктүү салык декларациясынын жөнөкөйлөтүлгөн формасын бекитүүнү караштырган ченемдик укуктук актынын тийиштүү долбоору иштелип чыкты | Республикалык бюджеттин чегинде | ЭФМ | 2021-жылдын 30-декабры |
Патенттин жана камсыздандыруу полисинин айкалышкан формасын алуу үчүн электрондук тейлөөнүн маалымат системасынын ишин өркүндөтүү | Электрондук тейлөө маалымат системасынын иши өркүндөтүлдү жана оптималдаштырылды | |||||
Салык төлөөчү кабинетин өркүндөтүү | Салык төлөөчүнүн кабинети оптималдаштырылды | |||||
Идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоого тийиш болгон товарларга байкоо жүргүзүү | Маркаланган товарларды жеткирүү чынжырчасына байкоо жүргүзүүнү караштырган ченемдик укуктук актынын тийиштүү долбоору иштелип чыкты | |||||
Бирдиктүү терезелерге электрондук кезек киргизүү | Салык төлөөчүлөрдү ыкчам тейлөө жана ыңгайлуулугу үчүн Бирдиктүү терезелерге электрондук кезек системасы киргизилди |
|
|
| ||
Салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү терезелерде өзүн-өзү тейлөө үчүн аянттарды түзүү | Бирдиктүү терезелерде салык төлөөчүлөр үчүн өзүн-өзү тейлөө аянтчасы иштеп баштады |
|
|
| ||
Салык төлөөчүлөрдү сервистик тейлөөнү киргизүү боюнча концепцияны иштеп чыгуу | Салык төлөөчүлөрдү сервистик тейлөөнү киргизүү боюнча концепция иштелип чыкты |
|
| 2021-жылдын 1-сентябры | ||
13 | Товарларды бажылык тазалоонун ылдамдыгынын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын индикаторлорун киргизүү, атаандашууга жөндөмдүү жана толук автоматташтырылган бажы инфраструктурасын түзүү | Бажылык контролду жүргүзүүнүн бардык этаптарында тобокелдиктерди башкаруу системасын киргизүү | Бажы контролун жүргүзүүнүн бардык этаптарында тобокелдиктерди башкаруу системасы өркүндөтүлдү | Республикалык бюджеттин жана донордук каражаттардын чегинде | ЭФМ | 2022-жылдын 1-июну (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-апрели № 186-т) |
Товарларды чыгаруудан кийин бажылык контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу процесстерин автоматташтыруу | Бажы контролун жүргүзүү объектин тандоодо адам факторунун таасири минималдаштырылды | |||||
Өткөрүлүүчү товарларды бажылык тариздөө ылдамдыгынын убакыттык индикаторлорун аныктоо | Өткөрүлүүчү товарларды бажылык тариздөө ылдамдыгынын убакыттык индикаторлору киргизилди |
|
|
| ||
14 | Электрондук бажы декларациялоону жана товарларды автоматтык түрдө чыгаруу системасын толук киргизүүнү аягына чыгаруу | Электрондук бажылык декларациялоону электрондук түрдө жана товарларды автоматташтырылган чыгаруу системасын киргизүүнү ишке ашыруу | Бажылык тариздөө максаттары үчүн берилген документтер жана маалыматтар электрондук форматка өткөрүлдү. ТЭИ субъекттерин категорияларга бөлүүгө багытталган тобокелдиктерди башкаруу системасы түзүлдү. Тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу менен бажылык контролдоонун (кароонун, текшерүүнүн) айрым формаларынан автоматтык түрдө бошотуу процесси ишке ашырылды | Республикалык бюджеттин жана донордук каражаттардын чегинде | ЭФМ | 2023-жылдын 1-марты (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-апрели № 186-т) |
Навигациялык пломбаларды колдонуу менен дайындалган бажы органына чейин товарларды жана транспорт каражаттарын жеткирүү жана байкоо жүргүзүү контролдоонун электрондук системасын киргизүү | Улуттук оператор аныкталды, навигациялык пломбаларды колдонуу менен дайындалган бажы органына чейин товарларды жана транспорт каражаттарын жеткирүү жана байкоо жүргүзүү боюнча контролдоонун электрондук системасы пилоттук режимде ишке ашырылды | |||||
15 | Айрым жана чек арага жанаша аймактарда ишкердик ишти жүргүзүү үчүн мамлекеттик колдоо чараларын жана жеңилдетилген фискалдык режимди камтыган жагымдуу шарттарды түзүү | Ишке ашыруунун конкреттүү мөөнөттөрү менен инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча маселелерди кошкондо, өзгөчө статусун, ишке ашыруу боюнча жол картасын эске алуу менен Баткен облусун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу. | Баткен облусун өнүктүрүү программасы иштелип чыкты | Республикалык бюджеттин жана донордук каражаттардын чегинде | АСЧАӨМ, ЭФМ, ТКМ, Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү | 2021-жылдын 1-сентябры |
Биринчи кезектеги долбоорлорду ишке ашырууну камсыз кылуу | Биринчи кезектеги долбоорлорду ишке ашыруу камсыздалды |
|
|
| ||
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүү тартиби жөнүндө типтүү жобого тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү | Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүү тартиби жөнүндө типтүү жобого тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты | Республикалык бюджеттин чегинде | АСЧАӨМ | 2021-жылдын 30-декабры | ||
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Соода-логистика борборун түзүү | Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында соода-логистикалык борбор иштеп жатат | Республикалык бюджеттин жана донордук каражаттардын алкагында | АСЧАӨМ, ЭФМ | 2021-жылдын 31-декабры | ||
16 | Инвестиция маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тоскоолдуктарды жоюу жана талаптарды жөнөкөйлөтүү | Инвестициялык лотторду түзүү жана берүүнүн механизмин жана тартибин иштеп чыгуу, "Инвестициялык лотторду түзүүнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө" жобонун долбоорун иштеп чыгуу | Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү механизмин жана тартибин караштырган ченемдик укуктук актынын тийиштүү долбоору иштелип чыкты. "Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө" жобонун долбоору иштелип чыкты | Республикалык бюджеттин чегинде | ИМ, АСЧАӨМ (ЖРМА) | 2021-жылдын 1-сентябры |
"Doing Business" боюнча жумушчу топтун алкагында мамлекеттик органдардын ашыкча көзөмөлдөө жана жөнгө салуу функцияларын жокко чыгаруу боюнча сунуштарды даярдоо. | Мамлекеттик органдардын ашыкча көзөмөлдөө жана жөнгө салуу функцияларын жоюу боюнча сунуштар даярдалды | ЭФМ | 2021-жылдын 30-декабры | |||
Жыйынтыктары боюнча жөнгө салуучу "кум сааты" механизмин колдонуу менен бизнести андан ары жөнгө салуу бөлүгүндөгү мыйзамдарды жалпы инвентаризациялоо алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | Жыйынтыктары боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыкты |
|
| |||
Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 "Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде жеке өнөктөштү аныктоо менен МЖӨ долбоорлору боюнча макулдашуунун критерийлерин иштеп чыгуу | МЖӨ долбоорлору боюнча макулдашуунун критерийлери иштелип чыкты | ЭФМ | 2021-жылдын 1-октябры | |||
Ата мекендик инвесторлор үчүн МЖӨ долбоорлорун жана МЖӨ чакан долбоорлорун демилгелөө мөөнөттөрүн кыскартуу жана жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча МЖӨ жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | МЖӨ жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты жана ата мекендик инвесторлор үчүн чакан МЖӨ жана МЖӨ долбоорлору демилгеленди | ЭФМ | 2021-жылдын 1-октябры |
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ