Редакцияот 08.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 20-августу № 149-т

2021-жылдын 26-мартында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын тогузунчу жыйынынын протоколун аткаруу үчүн, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы "Үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча борбор" мамлекеттик ишканасынын ортосундагы Контракттын расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги алуучу болуп саналган Өзбекстан Республикасынан ташылып келүүчү күздүк буудайдын үрөнүнө карата бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотсун.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Өзбекстан Республикасынан ташылып келүүчү күздүк буудайдын үрөнүн жеткирүү, түшүрүү, кабыл алуу, сактоо жана таратуу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин чыгымдарын 2021-жылга бекитилген бюджеттин чегинде өз убагында каржылоону ишке ашырсын.

 

Төрага

У. А. Марипов