Редакцияот 08.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 228-р тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 8-июлу № 87-т

2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул тескеменин 1-пункту менен бекитилген 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда болгон окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобо 2021-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат деп белгиленсин.

 

Төрага

У.А. Марипов