Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 21-июлу № 101-т
Энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлорду өз убагында ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына өтүнүчү боюнча "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо" долбоорлорун ишке ашырууга тартылган Тажикстан Республикасынын жарандары.";
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо" долбоорлорун ишке ашырууга тартылган Тажикстан Республикасынын жарандарынын тизмесин туруктуу негизде күн мурунтан берип туруу сунушталсын.
| Төрага | У. А.Марипов |